БШК жергиликтүү кеңештердин айрым депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту
30 сентября 2020
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 2020-жылдын 30-сентябрындагы өз жыйналышында Жалал-Абад, Ноокат жана Өзгөн аймактык шайлоо комиссияларынын жергиликтүү кеңештердин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жана бош калган депутаттык мандаттарды шайланган депутаттардан кийинки талапкерлерге жана саясий партиялардын катталган тизмесиндеги шайланган депутаттардан кийинки талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндө чечимдерин бекитти.
- Жалал-Абад облусу, Жалал-Абад шаары, Жалал-Абад шаардык кеңеши – Орозбаев Нуртилек Орозбаевич (№9, «Ата-Журт» деп. фракциясы) – жеке арызы боюнча. Мандат жеке ишкер Маатжакыпов Жыргалбек Кимсановичке (№11, «Ата-Журт» деп. фракциясы) өткөрүп берилди.
- Ош облусу, Ноокат району, Кыргыз-Ата айылдык кеңеши – Калдар уулу Муртаз – жеке арызы боюнча. Мандат дыйкан чарбасынын мүчөсү Бекташева Этибар Кадирбердиевнага өткөрүп берилди.
- Ош облусу, Өзгөн району, Ак-Жар айылдык кеңеши –Баймурзаев Сталбек Жаныбекович – жеке арызы боюнча. Мандат Өзгөн районунун профсоюздук комитетинин төрагасы Табалдыев Абдилазизге өткөрүп берилди.
Чечим “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамынын 6, 7, 18-беренелерине, “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамынын 52-беренесине, “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамынын 3-беренесине ылайык, Жалал-Абад, Ноокат жана Өзгөн аймактык шайлоо комиссияларынын чеечимдеринин негизинде кабыл алынган.
КР БШК маалымат бөлүмү
