БШК “Бүтүн Кыргызстан” саясий партиясынын тизмесинен 3 талапкерди чыгарды
29 сентября 2020
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2020-жылдын 29-сентябрындагы жыйналышында “Бүтүн Кыргызстан” саясий партиясы тарабынан көрсөтүлгөн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкерлердин катталган тизмесинен төмөнкү адамдарды чыгаруу чечимин кабыл алды:
- Мусаев Люшер Лажаловичти;
- Мамытов Нурлан Мамбетжановичти;
- Абдысатаров Айтбек Абдысатаровичти.
Чечим Мусаев Люшер Лажаловичти, Мамытов Нурлан Мамбетжановичти жана Абдысатаров Айтбек Абдысатаровичти талапкерлердин тизмесинен чыгаруу жөнүндө “Бүтүн Кыргызстан” саясий партиясынын 2020-жылдын 29-сентябрындагы кат жүзүндөгү билдирүүсүнүн негизинде, “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 61-беренесин, “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6, 7, 18-беренелерин жетекчиликке алуу менен кабыл алынды.
КР БШК маалымат бөлүмү
