БШК "Мекеним Кыргызстан" саясий партиясынын ишенимдүү адамын каттады

29 сентября 2020

2020-жылдын 29-сентябрындагы отурумунда, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы Анвар Хамитжанович Бегалиевди 2020-жылдын 4-октябрына белгиленген Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоодо "Мекеним Кыргызстан" саясий партиясынын ишенимдүү адамы катары каттоодон өткөрүү жөнүндө чечим кабыл алды.

Чечим Бегалиев Анвар Хамитжановичтин жазуу жүзүндөгү билдирүүсүнүн жана "Мекеним Кыргызстан" саясий партиясынын 2020-жылдын 29-сентябрындагы билдирүүсүнүн негизинде, "Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 20-беренесине ылайык, "Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7, 18-беренелерин жетекчиликке алып кабыл алынды.

КР БШК маалымат бөлүмү