БШК “Биримдик” (Единство) демократиялык партиясы” саясий партиясынын ишенимдүү адамын каттады
29 сентября 2020
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 2020-жылдын 29-сентябрындагы жыйналышында Бекназартегин Алмазды 2020-жылдын 4-октябрына дайындалган Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоодо “Биримдик” (Единство) демократиялык партиясы” саясий партиясынын ишенимдүү өкүлү катары каттоо чечимин кабыл алды.
Чечим Бекназартегин Алмаздын жеке арызынын жана “Биримдик” (Единство) демократиялык партиясы” саясий партиясынын 2020-жылдын 29-сентябрындагы сунуштамасынын негизинде, “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 20-беренесине, “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7, 18-беренелерине ылайык кабыл алынды.
КР БШК маалымат бөлүмү
