БШК "Мекенчил" саясий партиясынын тизмесинен 3 талапкерди чыгарды

29 сентября 2020

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2020-жылдын 29-сентябрындагы отурумунда, "Мекенчил" саясий партиясы тарабынан көрсөтүлгөн, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкерлердин катталган тизмесинен төмөнкү адамдарды чыгаруу чечими кабыл алынды:

  • Кадырова Сонунбу Эргешовна;
  • Аспек уулу Азамат;
  • Озокеев Айбек Канаталиевич.

Чечим Кадырова Сонунбу Эргешовнаны, Аспек уулу Азаматты жана Озокеев Айбек Канаталиевичти 2020-жылдын 28-сентябрындагы кириш № 06/2448,  «Мекенчил» саясий партиясынын талапкерлердин тизмесинен чыгаруу жөнүндө кат жүзүндөгү билдирүүсүнүн  негизинде, «Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 61-беренесин, «Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6, 7, 18-беренелерин жетекчиликке алып кабыл алынды.

КР БШК маалымат бөлүмү