БШК "Кыргызстан" саясий партиясынын тизмесинен 1 талапкерди чыгарды

29 сентября 2020

2020-жылдын 29-сентябрындагы отурумунда, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы "Кыргызстан" саясий партиясы көрсөткөн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкерлердин катталган тизмесинен чыгаруу жөнүндө жазуу жүзүндөгү билдирүүсүнүн негизинде Алмазбек Сатиевич Токторовду чыгаруу жөнүндө чечим кабыл алды.

Чечим Токторов Алмазбек Сатиевичтин 2020-жылдын 29-сентябрындагы кириш № 06/2480, «Кыргызстан» саясий партиясынын талапкерлердин тизмесинен чыгаруу жөнүндө кат жүзүндөгү билдирүүсүнүн  негизинде, «Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 61-беренесин, «Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6, 7, 18-беренелерин жетекчиликке алып кабыл алынды.

КР БШК маалымат бөлүмү