БШК “Кыргызстан” саясий партиясынан бир нече талапкерди тизмеден чыгарды
28 сентября 2020
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 2020-жылдын 28-сентябрындагы жыйналышында 2020-жылдын 4-октябрына дайындалган Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоодо “Кыргызстан” саясий партиясы көрсөткөн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкерлердин катталган тизмесинен төмөнкү талапкерлерди чыгаруу жөнүндө чечим кабыл алды:
- Дүйшеев Азамат Раимжановичти,
- Дыйканбаев Алмазбек Кенешбековичти,
- Курманбеков Данишбек Муратовичти,
- Кубатов Каныбек Идрисовичти,
- Кыдырбаев Улук Асанкарыевичти,
- Мырзаканов Кубан Нуржановичти,
- Тургунбаев Абдумиталиб Тажибаевичти,
- Чыдынов Космосбек Мамажжановичти.
Чечим Дүйшеев Азамат Раимжановичтин, Дыйканбаев Алмазбек Кенешбековичтин, Курманбеков Данишбек Муратовичтин, Кубатов Каныбек Идрисовичтин, Кыдырбаев Улук Асанкарыевичтин, Мырзаканов Кубан Нуржановичтин, Тургунбаев Абдумиталиб Тажибаевичтин, Чыдынов Космосбек Мамажжановичтин “Кыргызстан” саясий партиясынын талапкерлеринин тизмесинен чыгаруу жөнүндө жазуу жүзүндөгү билдирүүсүнүн негизинде, "Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 61-беренесин, “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6, 7, 18-беренелерин жетекчиликке алуу менен кабыл алынды.
КР БШК маалымат бөлүмү
