Башкы Жаңылыктар 2020–ж. 28-сентябрында өтө турган КР БШКнын отурумунун күн …

2020–ж. 28-сентябрында өтө турган КР БШКнын отурумунун күн тартибинин долбоору

28-Сен, 2020

                                                                                                                                                             Өткөрүү датасы: 28-сентябрь 2020-ж.

                                                                                                                                                             Убактысы: 18.00

                                                                                                                                                             Өткөрүлүүчү жери: отурумдар залы

1. Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин "Фейсбук" социалдык тармагында жайгаштырылган видео тууралуу маалыматы (Орто-Нура айылы, Нарын району)

(Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги)

2. 2020-жылдын 21-сентябрында өткөрүлгөн Чүй облусунун Чүй районунун Ак-Бешим айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыгы жана шайлоонун натыйжасы тууралуу протоколдорду бекитүү жөнүндө

(Баяндамачы – Т.О. Айтикеев, шайлоолорду уюштуруу боюнча бөлүмдүн башчысы)

3. Ош аймактык шайлоо комиссиясынын курамына жана резервине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө

(Баяндамачы – Т.О. Айтикеев, шайлоолорду уюштуруу боюнча бөлүмдүн башчысы)

4. 2020-жылдын 4-октябрына дайындалган Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоодо эл аралык байкоочуларды аккредитациялоо жөнүндө

(Баяндамачы – Уметалиев А.Т., Эл аралык кызматташтык бөлүмүнүн башчысы)

5. «Биримдик» (Единство) демократиялык партиясы» саясий партиясынын ишенимдүү адамдарын каттоо жөнүндө

(Баяндамачы – Т.О. Айтикеев, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенешинин депутаттарын шайлоосунда саясий партиялардын документтерин кабыл алуу боюнча жумушчу топтун мүчөсү)

6. «Ыйман Нуру» Адилетүүлүк жана өнүгүү» саясий партиясынын ишенимдүү адамдарын каттоо жөнүндө

(Баяндамачы – Т.О. Айтикеев, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенешинин депутаттарын шайлоосунда саясий партиялардын документтерин кабыл алуу боюнча жумушчу топтун мүчөсү)

7. «Республика» саясий партиясынын ишенимдүү адамдарын каттоо жөнүндө

(Баяндамачы – Т.О. Айтикеев, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенешинин депутаттарын шайлоосунда саясий партиялардын документтерин кабыл алуу боюнча жумушчу топтун мүчөсү)

8. «Кыргызстан» саясий партиясынын ишенимдүү адамдарын каттоо жөнүндө

(Баяндамачы – Т.О. Айтикеев, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенешинин депутаттарын шайлоосунда саясий партиялардын документтерин кабыл алуу боюнча жумушчу топтун мүчөсү)

9. «Бүтүн Кыргызстан» саясий партиясынын ишенимдүү адамдарын каттоо жөнүндө

(Баяндамачы – Т.О. Айтикеев, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенешинин депутаттарын шайлоосунда саясий партиялардын документтерин кабыл алуу боюнча жумушчу топтун мүчөсү)

10. Кээ бир талапкерлерди Жогорку Кенештин депутаттыгына катталган талапкерлеринин тизмесинен чыгаруу жөнүндөгү Н. Касымованын арызы тууралуу

(Баяндамачы –Шаршеналы у. Адилет, укуктук камсыздоо бөлүмдүн башчысы

11. «Биримдик» саясий партиясынын квотасы тууралуу «Актив» саясий парттиясынын даттануусу жөнүндө

(Баяндамачы –Шаршеналы у. Адилет, укуктук камсыздоо бөлүмдүн башчысы

12. «Мекеним Кыргызстан» саясий партиясынын квотасы тууралуу «Актив» саясий парттиясынын даттануусу жөнүндө

(Баяндамачы –Шаршеналы у. Адилет, укуктук камсыздоо бөлүмдүн башчысы

13. «Ыйман Нуру» саясий партиясынын жүргүзгөн үгүт иш чарасы тууралуу «Демократия жана жарандык коом үчүн коалициясы” КБнын даттануусу жөнүндө

(Баяндамачы –Шаршеналы у. Адилет, укуктук камсыздоо бөлүмдүн башчысы

14. «Замандаш» саясий партиясынын жүргүзгөн үгүт иш чарасы тууралуу «Демократия жана жарандык коом үчүн коалициясы” КБнын даттануусу жөнүндө

(Баяндамачы –Шаршеналы у. Адилет, укуктук камсыздоо бөлүмдүн башчысы

15. «Кыргызстан» саясий партиясынын талапкери боюнча «Демократия жана жарандык коом үчүн коалициясы” КБнын даттануусу жөнүндө

(Баяндамачы –Шаршеналы у. Адилет, укуктук камсыздоо бөлүмдүн башчысы

16. «Чон Казат» саясий партиясынын талапкери боюнча
О.Д. Рыскелдиевдин даттануусу жөнүндө

(Баяндамачы –Шаршеналы у. Адилет, укуктук камсыздоо бөлүмдүн башчысы

17. «ОРДО» саясий партиясынын баннерлери бузулгандыгы боюнча «ОРДО» саясий партиясынын даттануусу жөнүндө

(Баяндамачы –Шаршеналы у. Адилет, укуктук камсыздоо бөлүмдүн башчысы

18. ГУМ соода борборунун жанында өткөрүлгөн музыкалык ишчара боюнча А.З. Замирбековдун даттануусу жөнүндө

(Баяндамачы –Шаршеналы у. Адилет, укуктук камсыздоо бөлүмдүн башчысы

19. «Реформа» саясий партиясынын үгүт иштерин 18 жашка чыга элек адам жүргүзгөндүгү боюнча А.З. Замирбековдун даттануусу жөнүндө

(Баяндамачы –Шаршеналы у. Адилет, укуктук камсыздоо бөлүмдүн башчысы

20. Ар түрдүү маселелер

Башка жаңылыктар

Бардык жаңылыктар
КР БШК мүчөлөрү аймактарда Президенттик шайлоого даярдык көрүү маселелерин талкуулады
14-Окт, 2026

КР БШК мүчөлөрү аймактарда Президенттик шайлоого даярдык көрүү маселелерин талкуулады

2026-жылдын 13–14-октябрында Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары Русланбек Жакышов жана БШК мүчөсү Алмаз Айбалаев Ош шаарында, Ош облусунун Кара-Суу, Араван жана Алай райондорунда жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилери, укук коргоо органдарынын өкүлдөрү жана шайлоо комиссияларынын мүчөлөрү менен жумушчу жыйындарды өткөрүштү.Жолугушуулардын негизги темасы 2027-жылдын 27-январына белгиленген Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоого даярдык көрүү жана шайлоо процессин мыйзам талаптарына ылайык уюштуруу маселелери болду.Талкуунун жүрүшүндө шайлоочулардын шайлоо укуктарын толук кандуу ишке ашыруусуна зарыл шарттарды түзүү, шайлоо учурунда мыйзамдуулукту камсыз кылуу, жарандардын шайлоо укуктары менен эркиндиктерин сактоо маселелерине өзгөчө көңүл бурулду.БШК төрагасынын орун басары Русланбек Жакышов шайлоо мыйзамдарына киргизилген өзгөртүүлөр, жаңыланган шайлоо технологиялары, аралыктан добуш берүүнүн мүмкүнчүлүктөрү, автоматташтырылган маалыматтык тутумдардын колдонулушу жана талапкерлерди колдоо тартибинин өзгөчөлүктөрү тууралуу маалымат берди.Ошондой эле шайлоону даярдоо жана өткөрүүдө мамлекеттик бийлик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жоопкерчилигине токтолду. Укук коргоо органдарынын өкүлдөрүнө шайлоо мыйзамдарынын бузулушуна жол бербөө, мыйзамсыз кысым көрсөтүү жана шайлоо процессине кийлигишүү аракеттеринин алдын алуу, ошондой эле анын бардык катышуучулары үчүн коопсуз шарттарды камсыз кылуу зарылдыгын белгиледи.Өткөрүлгөн жолугушуулар шайлоого даярдык көрүү боюнча жергиликтүү деңгээлдеги уюштуруу иштерин талкуулоого, тиешелүү мамлекеттик жана муниципалдык органдардын өз ара аракеттенүүсүн камсыз кылууга жана шайлоо мыйзамдарынын талаптарын так сактоо маселелерине көңүл бурууга багытталды.
Кененирээк билүү >>
Аймен Касенов Кыргыз Республикасынын Президенттигине талапкерлигин көрсөтүү жөнүндө арыз менен КР БШКга кайрылды
14-Окт, 2026

Аймен Касенов Кыргыз Республикасынын Президенттигине талапкерлигин көрсөтүү жөнүндө арыз менен КР БШКга кайрылды

Бүгүн, 14-октябрда, Касенов Аймен Абдыталипович Кыргыз Республикасынын Президенттигине өзүн-өзү көрсөтүү тартибинде талапкерлигин көрсөтүү жөнүндө арыз менен Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына кайрылды. Эске салсак, Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоодо талапкерлерди көрсөтүү мөөнөтү 2026-жылдын 13-ноябрына чейин белгиленген.
Кененирээк билүү >>
Урматтуу жалпыга маалымдоо каражаттарынын жана интернет-басылмалардын өкүлдөрү!
13-Окт, 2026

Урматтуу жалпыга маалымдоо каражаттарынын жана интернет-басылмалардын өкүлдөрү!

Аккредитациялоо үчүн арыздарды кабыл алуу эртең, 2026-жылдын 14-октябрында, аяктайт.Бул - акыркы күн! Шашылыңыздар!Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоо алдындагы үгүткө катышуу үчүн аккредитациялоо “Шайлоолордо ЖМКларды аккредитациялоо”  автоматташтырылган маалыматтык тутуму https://accreditation.srs.kg/ аркылуу жүргүзүлүүдө.Байланыш телефону: 0557 261994, 0312 665452
Кененирээк билүү >>
КР БШК төрагасы Тынчтык Шайназаров КР ТИМинин өкүлдөрү менен Кыргызстандын чет өлкөлөрдөгү жарандарынын добуш берүүсүн уюштуруу маселелерин талкуулады
09-Окт, 2026

КР БШК төрагасы Тынчтык Шайназаров КР ТИМинин өкүлдөрү менен Кыргызстандын чет өлкөлөрдөгү жарандарынын добуш берүүсүн уюштуруу маселелерин талкуулады

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасы Тынчтык Шайназаров бүгүн, 9-октябрда Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министринин орун басары Сейтек Жумакадыр уулу менен жолугушту.Жолугушууга ошондой эле КР БШК төрагасынын орун басары Лейла Лурова, КР ТИМинин Консулдук департаментинин кызматкерлери жана БШК аппаратынын кызматкерлери катышты.2027-жылдын 27-январына дайындалган Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоого даярдыктын алкагында чет өлкөлөрдө жүргөн Кыргыз Республикасынын жарандарынын шайлоо укуктарын камсыз кылуу маселелери талкууланды.Өзгөчө көңүл КР БШК менен КР ТИМинин чет өлкөлөрдөгү шайлоо участокторун түзүү жана аларды оптималдаштыруу, добуш берүүнү уюштуруу жана шайлоо участокторун техникалык жактан жабдуу, ошондой эле чет өлкөлөрдө жүргөн Кыргызстандын жарандарын алдыдагы шайлоого катышуу тартиби жөнүндө маалымдоо маселелери боюнча өз ара аракеттенүүсүнө бурулду.
Кененирээк билүү >>