Башкы Жаңылыктар 2020-жылдын 4-октябрында КР ЖК депутаттарын шайлоону уюштуруунун жана …

2020-жылдын 4-октябрында КР ЖК депутаттарын шайлоону уюштуруунун жана өткөрүүнүн жүрүшүндө санитардык-эпидемиологиялык коопсуздукту камсыз кылуу жана жарандардын ден соолугун коргоо боюнча иш-аракеттердин алгоритми

28-Сен, 2020

COVID-19 коронавирус пандемиясын эске алуу менен жарандардын ѳз эркин билдирүүсү боюнча конституциялык укугун ишке ашурууда добуш берүү учурунда жарандардын ѳмүрүнүн жана ден соолугунун коопсуздугу Борбордук шайлоо комиссиясынын негизги артыкчылыктары болуп саналат.

Ушуга байланыштуу Борбордук шайлоо комиссиясы мамлекеттик органдар жана жергиликтүү ѳз алдынча башкаруу органдары менен ѳз ара аракетте шайлоо процессинин бардык этабында санитардык-эпидемиологиялык коопсуздук чараларына ѳзгѳчѳ кѳңүл бурууда.    

Борбордук шайлоо комиссиясы жана Саламаттык сактоо министрлиги тарабынан 2020-жылдын 4-октябрына дайындалган Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоону уюштуруу жана ѳткѳрүү мезгилинде иш-аракеттердин алгоритми иштелип чыккан.

Ушул алгоритмге ылайык добуш берген күнү участканын кире беришинде контаксыз дене табын текшерүү уюштурулат. Участкалык шайлоо комиссиясынын бардык мүчѳлѳрү жана шайлоочулар жеке коргоочу каражаттар (бет каптар, кол каптар) менен камсыз болот.

Атайын чийилген кѳрсѳткүчтѳр добуш берүүгѳ катышып жаткандардын контаксыз кыймылын камсыз кылууга жана добуш берүүчү орун-жайдын сыртында да жана ичинде да 1,5-2 метрлик социалдык аралыктарды сактоого кѳмѳктѳшѳт.

Жугуп калуу коркунучун жокко чыгаруу үчүн добуш берүүчү орун-жайларды байма-бай санитардык иштетип туруу ишке ашырылат.

Обсервацияда жүргѳн адамдар, ооруунун симптому бар же болбосо оорукчан менен контакта болгон шайлоочулар ѳздѳрүнүн активдүү шайлоо укукутарын жүзѳгѳ ашыруу үчүн 2020-жылдын 2-октябрына чейинки мѳѳнѳттѳ тийиштүү участкалык шайлоо комиссияларына үйүндѳ 2020-жылдын 3-октябрында добуш берүү үчүн орун-жайдан сырткары добуш берүү мүмүкүнчүлүгүн берүү жѳнүндѳ  кайрылуусу зарыл.

Добуш берүү күнүнүн алдында Борбордук шайлоо комиссиясы шайлоо процессинин бардык катышуучуларына алгоритмдин тѳмѳндѳгү этаптарын сактоону ѳтүнүү менен  сунуш кылат:

 

ШАЙЛОО АЛДЫНДАГЫ ҮГҮТ

  • Үгүт иштерин телекѳрсѳтүү, радио, аудио жана видео форматтарын пайдалануу менен онлайн режиминде ѳткѳрүү сунуш кылынат. Офлайн жолугушуусу адамдардын массалык топтолуусуна жол бербѳѳ жѳнүндѳ талаптарды эске алуу менен орун-жайдан сырткары (ачык жерде) ѳткѳрүү сунушталат.
  •  Үгүт материалдарын (буклеттерди, газеталарды, дисктерди, желекчелерди, значокторду ж.б.) милдеттүү түрдѳ бир жолку кол каптарды жана бет каптарды пайдалануу менен ишке ашыруу зарыл.
  • Офлайн режиминде шайлоочулар менен жолугушуу ѳткѳрүлгѳн учурда орун-жайдын ичинде саясий партиялар тѳмѳндѳгүлѳрдү камсыз кылууга милдеттүү:
  • Шайлоочулар менен жолугушуу үчүн орун-жайды алдын ала кылдат дезинфекциялоо жүргүзүү
  • Адамдардын кѳп топтолушунан качуу максатында чакан топтор менен жолугушууларды ѳткѳрүү
  • Шайлоочулар менен жолугушуу үчүн орун-жайдын кире беришинде иш-чаранын катышуучуларынын дене табын контактсыз текшерүү
  • Орун-жайдын кире беришинде катышуучулардын колдорун антисептик каражаттары менен тазалоо.
  • Иш-чаранын бардык катышуучуларынын бет каптарды, кол каптарды жана жеке коргоочу башка каражаттарды милдеттүү пайдалануусу
  • Адамдардын ортосунда социалдык аралыкты – 1,5-2 метрден кем эмес аралыкты сактоо
  • Желдетүү системасы жок болгон учурда, ар бир 30 мүнѳт сайын 15 мүнөт желдетип туруу керек. Эгерде сырткы чөйрөнүн температурасы 18 градустан жогору болсо, жайдын тынымсыз желдетилишин желдетүү аркылуу эске албаганда камсыз кылуу.

Борбордук шайлоо комиссиясы саясий партиялардын программалары жѳнүндѳ, талапкерлер тууралуу маалыматтарга шайлоочулардын жетүүсүн камсыз кылуу максатында КР БШКнын сайтында атайын ресурс – ТАЛАПКЕР http://talapker.shailoo.gov.kg/ порталы түзүлгѳндүгүн эске салат.

 

ДОБУШ БЕРҮҮ ҮЧҮН ОРУН-ЖАЙДАН ТЫШКАРЫ ДОБУШ БЕРҮҮ

  • Жергиликтүү ѳз алдынча башкаруу органдары жана санитардык-эпидемиологиялык кѳзѳмѳлдѳѳ кызматтары добуш берүү үчүн орун-жайдан тышкары добуш берүүгѳ чыгардын алдында комиссия мүчѳлѳрүнүн, байкоочулардын, талапкерлердин, партиялдардын жана ЖМК ѳкүлдѳрүнүн дене табын текшерүүнү камсыз кылат.
  • Жергиликтүү ѳз алдынча башкаруу органдары шайлоо комиссиялары үчүн берилген транспорттун үстүнкү жумушчу беттерин дезинфекациялоочу каражаттар менен алдын ала иштеп чыгууну камсыз кылат.
  • Орун-жайдан тышкары добуш берүүгѳ чыгып жаткан УШК мүчѳлѳрү үчүн жеке коргонуу каражаттары жана бахилалар.
  • Чыгып жаткан УШК мүчѳлѳрүндѳ санитайзерлердин болушу.
  • Добуш берүү үчүн орун-жайдан тышкары добуш берген шайлоочуларга акысыз бир жолку кол каптарды жана бет каптарды берүү.
  • Жѳнѳтүп жаткан уюмдар байкоочуларды, саясий партиялардын, ЖМК ѳкүлдѳрүн жеке коргоо каражаттары менен камсыз кылуу.
  • Ар бир шайлоочуга чейин жана ал чыккандан кийин идентификациялоо жана АЭУ жабдууларын дезинфекциялоо.
  •  Добуш берүү үчүн орун-жайдан тышкары добуш берүү аяктаганда жергиликтүү ѳз алдынча башкаруу органдары жана санитардык-эпидемиологиялык кѳзѳмѳлдѳѳ кызматтары тарабынан УШК мүчѳлѳрүнүн абалын кѳзѳмѳлдѳѳ.

 

ДОБУШ БЕРҮҮ КҮНҮ

 

Добуш берүү үчүн орун-жайдын кире беришинде «кирүү чыпкасын» уюштуруу:

  • Санитардык-эпидемиологиялык кызматтын контактсыз жол менен шайлоочулардын дене табын текшерүү.
  •  Жергиликтүү ѳз алдынча башкаруу органдарынын добуш берүү үчүн орун-жайдын кире беришинде дезинфекциялоочу аралашма менен нымдалган килемчени уюштурууну камсыз кылуу.
  • Шайлоочулардын колдорун санитайзер менен же добуш берүү үчүн орун-жайдын кире беришинде коронавирус инфекциясын алдын алуу чаралары жөнүндө плакат жайгаштыруу.
  • Жергиликтүү ѳз алдынча башкаруу органдарын шайлоо участогунун кире беришинде коронавирус инфекциясын алдын алуу чаралары жөнүндө плакатты жайгаштыруусу.
  • Шайлоо участогунун кире беришинде добуш берүүгѳ катышкандардын бекитилген кирип чыгуу схемасынын болушу.
  • Жергиликтүү ѳз алдынча башкаруу органдары тарабынан шайлоо участогунун аймагында жана добуш берүү үчүн орун-жайдын кире беришинде аралык белгилерин (чийимдерин) камсыз кылуу.
  • Ички иштер органдарынын кызматкерлери тарабынан социалдык аралыктарды жана бет каптарды тагынуунун милдеттүү режимин сактоо жѳнүндѳ шайлоочуларга түшүндүрүү иштерин жүргүзүү.
  • Шайлоо участкасына кирерде шайлоочуларга жеке коргоо каражаттарын (бир жолку бет каптарды жана кол каптарды) акысыз берүү.

 

ДОБУШ БЕРҮҮ ҮЧҮН ОРУН-ЖАЙ

  • Жергиликтүү ѳз алдынча башкаруу органдарынын добуш берүү процесси башталганга чейин добуш берүү үчүн орун-жайды дезинфекциялоо жана бардык үстүнкү беттерди кылдат нымдуу тазалоо.
  • УШКнын бардык мүчѳлѳрүн жеке коргонуу каражаттары менен камсыз кылуу.
  • Жѳнѳтүп жаткан уюмдардын байкоочуларды, ЖМК ѳкүлдѳрүн, талапкерлерди жана саясий партияларды жеке коргоо каражаттары менен камсыз кылуу.
  • Добуш берүү үчүн орун-жайдын ичинде санитайзердин болушу.
  • Эмеректерди, добуш берүү үчүн кабиналарды жана технологиялык жабдууларды бири биринен 1,5-2 м аралыкта жайгаштыруу.
  • Шайлоо комиссиясынын мүчѳлѳрү 1,5-2 м кем эмес аралыкты сактоо менен жайгаштырылат жана ар бир шайлоочу менен иштеп бүткѳндѳн кийин антисептик каражаттары менен колдорун иштеп чыгышат.
  • Добуш берүүчү кабинасы пардасыз колдонулат.
  • Добуш берүү үчүн орун-жайда же анын жанында коронавирус инфекциясын жуктурууну алдын алуу боюнча сунуштар камтылган маалымат стенддери жайгаштыруу.
  • Добуш берүү үчүн орун-жайдын ичинде аралык белгилеринин (сызыктарынын) болушу.
  • Байкоочулар, талапкерлердин, саясий партиялардын ѳкүлдѳрү үчүн жайгашуучу жайлар социалдык аралыктарды сактоо менен участкалык шайлоо комиссиясынын тѳрагасы тарабынан аныкталат. Мында, аталган адамдарга добуш берүүнүн жүрүшүн, добуштарды саноо жол-жобосун даана кѳрүп туруу мүмкүнчүлүгү камсыз кылынат.
  • Желдетүү системасы жок болгон учурда, ар бир 30 мүнѳт сайын 15 мүнөт желдетип туруу керек. Эгерде сырткы чөйрөнүн температурасы 18 градустан жогору болсо, жайдын тынымсыз желдетилишин желдетүү аркылуу эске албаганда камсыз кылуу.
  • Добуш берүү үчүн орун-жайдын чыга беришинде пайдаланылган бет каптарды жана кол каптарды утилизациялоо үчүн контейнер жайгаштырылат.

ДОБУШ БЕРҮҮ ПРОЦЕССИ

  • Шайлоо участогунда шайлоочу УШКнын мүчѳсүнѳ Кыргыз Республикасынын жаранынын паспортун кѳрсѳтѳт.
  • Манжаларынын белгилери боюнча идентификациялоодон ѳтүүдѳ шайлоочу кол кабын чечип, колдорун антисептик каражаттары менен иштетип идентификациялоодон ѳтѳт жана идентификациялоодон ѳткѳндѳн кийин колдорун кайра иштетип, кол кабын кайра киет.
  • Бетинин биометрикалык параметрлери боюнча идентификациялоодон ѳткѳндѳ шайлоочу бет кабын убактылуу алып коюп, идентификациялоо бүткѳндѳн кийин аны кайра киет.
  • Ар бир шайлоочуну идентификациялоо жол-жобосуна чейин жана андан кийин идентификациялоо боюнча жабдуу дезинфекцияланат.
  • Добуш берүү үчүн кабина жана автоматтык эсептѳѳчү урналар ар бир 60 мүнѳттѳ эки иреттен кем эмес дезинфекциялоочу каражаттар менен иштетилет.
  • Оорунун белгилери бар шайлоочулардын добуш берүүсү үчүн ѳзүнчѳ кабина болууга тийиш.
  • Добуш берүүнүн жүрүшүндѳ, добуш берүүнүн жыйынтыктары тууралуу протоколдорго кол коюуда участкалык шайлоо комиссиясынын ар бир мүчѳсү ѳзүнүн калемин колдонууга тийиш.
  • Добуш берүү үчүн үкѳктѳрдү ачардан мурда алардын үстүнкү бети антисептик каражаттары менен иштетилет.

БШК оорунун белгилери бар, же болбосо оорукчан менен контактта болгон, же болбосо обсервацияда турган жана ѳзүнүн активдүү шайлоо укуктарын жүзѳгѳ ашырууну каалаган шайлоочуларга тѳмѳндѳгүлѳрдү сунуш кылат:

  • 2020-жылдын 2-октябрына чейинки мѳѳнѳттѳ добуш берүү үчүн орун-жайдан тышкары добуш берүү мүмкүнчүлүгүн берүү жана 2020-жылдын 3-октябрында үйүндѳ добуш берүү жѳнүндѳ арыз менен тийиштүү участкалык шайлоо комиссиясына кайрылууну
  • Шайлоочу активдүү шайлоо укугун шайлоо участкасында 2020-жылдын 4-октябрында добуш берген күнү жүзѳгѳ ашырууну каалаган учурда, шайлоо участогуна саат 18:00дон кийин келүү сунуш кылынат.

 

ШАЙЛООЧУЛАРГА СУНУШТАР:

  • УШК мүчѳлѳрүнүн бардык талаптарын жана кѳрсѳтмѳлѳрүн сактоо
  • Добуш берүү үчүн орун-жайга кирерде дене табы текшерилип, колдору иштетилгенден кийин УШК тарабынан берилген бет кап жана кол каптарды кийүү.
  • Идентификациялоодон ѳтүү убактысын кошпогондо, шайлоо участкасында болгон учурда бет кап жана кол каптарды чечпѳѳ.
  • Добуш берүү жайынан сырткары жана анын ичинде 1,5- 2 метр аралыкты сактоо.
  • Шайлоо участогуна бүт үй-бүлѳсү менен келбѳѳ (кезектешип келүү).
  • Жанына балдарды кошо алып келбѳѳ.

Иш-аракеттердин алгоритминин толук тексти менен тѳмѳндѳгү шилтеме боюнча таанышса болот.

Борбордук шайлоо комиссиясы шайлоочулардын ѳмүрүнүн жана ден соолугунун коопсуздугун камсыз кылууга багытталган санитардык-эпидемиологиялык коопсуздуктун нормаларын бекем сактоону суранат.

КР ЖК депутаттарын шайлоону даярдоодо жана өткөрүүдө санитардык-эпидемиологиялык коопсуздукту камсыз кылуу жана жарандардын ден-соолугун коргоо боюнча иш-чаралардын алгоритми жөнүндө

 

Башка жаңылыктар

Баардык жаңылыктар
«Маариф» окуу жайында окуучулардын шайлоо боюнча билимин жогорулатууга багытталган жолугушуу өттү
10-Окт, 2026

«Маариф» окуу жайында окуучулардын шайлоо боюнча билимин жогорулатууга багытталган жолугушуу өттү

Бишкек шаарындагы «Маариф» окуу-билим берүү комплексинде 2026-жылдын 9-октябрында Кыргыз Республикасынын БШКсынын алдындагы Жарандык билим берүү жана шайлоо технологиялары борборунун өкүлдөрү 9-класстын окуучулары жана билим берүү мекемесинин жетекчилиги менен жолугушуу өткөрдү.Борбордун өкүлдөрү «Маариф» окуу-билим берүү комплексинин директору Мехмет Черчикая менен жолугушуп, кызматташуунун келечегин, ошондой эле жаш муунду тарбиялоо, окуучулардын укуктук жана шайлоо маданиятын жогорулатуу маселелерин талкуулашты.Жолугушууга Бишкек шаарынын мектептеринин Президенттер кеңешинин өкүлдөрү Ясин Мырсабеков жана Адинай Токтобекова да катышып, окуучуларга Мектеп президенттери кеңешинин келечектеги түзүмүн тааныштырышты.Иш-чара «Маариф» окуу-билим берүү комплексинин мектеп парламентинин Президентин шайлоонун алдында өттү. Аталган шайлоо 2026-жылдын 12-октябрында болот жана ага КР БШКсынын эксперттери шайлоону уюштуруу жана өткөрүү боюнча уюштуруучулук-методикалык жардам көрсөтүшөт: добуш берүү урналарын беришет, байкоочуларды тартууга көмөк көрсөтүшөт жана шайлоону уюштуруу жана өткөрүү маселелери боюнча консультациялык жардам беришет.Жолугушуунун программасына «Шайлоо жана жаштар» аттуу видеороликти көрсөтүү жана талкуулоо, №68 орто мектеби парламентинин президентинин сөзү, суроо-жооп сессиясы, ошондой эле «Шайлоо жөнүндө эмнени билем?» аттуу викторина кирди. Викторинанын жеңүүчүлөрү жана активдүү катышуучулары ЖБШТБ тарабынан эстелик байгелер менен сыйланышты. Иш-чарага жалпысынан 9-класстын 109 окуучусу катышты.Мындай жолугушууларды өткөрүү жаштардын шайлоо маданиятын жогорулатуу үчүн маанилүү. Мектеп партасынан баштап потенциалдуу шайлоочулар менен иштөө шайлоого аң-сезимдүү мамиле жасоону, ар бир добуштун баалуулугун түшүнүүнү жана өлкөнүн коомдук-саясий жашоосуна жоопкерчиликтүү катышууга даярдыкты калыптандырууга мүмкүндүк берет.
Кененирээк билүү >>
КР БШК төрагасы Тынчтык Шайназаров КР ТИМинин өкүлдөрү менен Кыргызстандын чет өлкөлөрдөгү жарандарынын добуш берүүсүн уюштуруу маселелерин талкуулады
09-Окт, 2026

КР БШК төрагасы Тынчтык Шайназаров КР ТИМинин өкүлдөрү менен Кыргызстандын чет өлкөлөрдөгү жарандарынын добуш берүүсүн уюштуруу маселелерин талкуулады

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасы Тынчтык Шайназаров бүгүн, 9-октябрда Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министринин орун басары Сейтек Жумакадыр уулу менен жолугушту.Жолугушууга ошондой эле КР БШК төрагасынын орун басары Лейла Лурова, КР ТИМинин Консулдук департаментинин кызматкерлери жана БШК аппаратынын кызматкерлери катышты.2027-жылдын 27-январына дайындалган Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоого даярдыктын алкагында чет өлкөлөрдө жүргөн Кыргыз Республикасынын жарандарынын шайлоо укуктарын камсыз кылуу маселелери талкууланды.Өзгөчө көңүл КР БШК менен КР ТИМинин чет өлкөлөрдөгү шайлоо участокторун түзүү жана аларды оптималдаштыруу, добуш берүүнү уюштуруу жана шайлоо участокторун техникалык жактан жабдуу, ошондой эле чет өлкөлөрдө жүргөн Кыргызстандын жарандарын алдыдагы шайлоого катышуу тартиби жөнүндө маалымдоо маселелери боюнча өз ара аракеттенүүсүнө бурулду.
Кененирээк билүү >>
Бишкек шаарындагы жана аймактардагы айрым шайлоо участокторунун схемаларына жана чек араларына өзгөртүү киргизилди
09-Окт, 2026

Бишкек шаарындагы жана аймактардагы айрым шайлоо участокторунун схемаларына жана чек араларына өзгөртүү киргизилди

Бүгүн, 9-октябрда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын жыйынында КР БШКнын 2025-жылдын 3-июлундагы № 33 “Кыргыз Республикасынын Баткен, Ош, Жалал-Абад, Талас, Чүй, Нарын жана Ысык-Көл облустарынын айрым жергиликтүү кеңештеринин аймактарындагы шайлоо участкаларынын схемаларын жана чек араларын бекитүү жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөр киргизилди.Мындан тышкары, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2025-жылдын 1-августундагы № 54 “Кыргыз Республикасынын Бишкек шаарынын аймагындагы шайлоо участкаларынын схемаларын жана чек араларын бекитүү жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөр киргизилди. Жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдарынын сунушуна ылайык, аталган токтом долбоорлорун кабыл алуунун негизги зарылчылыгы - көчө аталыштарынын өзгөрүшү, ошондой эле даректерди өзгөртүү аркылуу шайлоочулардын добуш берүүсү үчүн заманбап жана ыңгайлуу шарттарды түзүү болуп саналат.
Кененирээк билүү >>
Майыптыгы бар шайлоочулардын муктаждыктар картасы боюнча жобо бекитилди
09-Окт, 2026

Майыптыгы бар шайлоочулардын муктаждыктар картасы боюнча жобо бекитилди

Бүгүн, 9-октябрда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум боюнча борбордук комиссиясы өз жыйынында “Майыптыгы бар шайлоочулардын муктаждыктар картасы” автоматташтырылган маалыматтык тутуму жөнүндө жобону бекитти. Жобо аталган тутумдун укуктук статусун, иштөө тартибин, ошондой эле анын катышуучуларынын укуктарын, милдеттерин жана жоопкерчилигин аныктайт.Жаңы тутумдун алкагында майыптыгы бар шайлоочулардын муктаждыктарын бирдиктүү эсепке алуу жана дайындарды борборлоштурулган базага топтоо автоматташтырылат. “Түндүк” системасы аркылуу Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги менен ведомстволор аралык электрондук өз ара аракеттенүү камсыздалат. Ошондой эле шайлоо участокторунда жеткиликтүү инфратүзүмдүн абалын – пандустарды, Брайль ариби менен даярдалган материалдарды жана башка шарттарды - мониторинг жүргүзүү жана пландаштыруу мүмкүнчүлүгү кеңейтилет. Дайындарды иштетүү Кыргыз Республикасынын Санарип кодексинин талаптарына ылайык, жеке дайындардын купуялуулугун жана тутумдун санариптик туруктуулугун камсыз кылуу менен жүргүзүлөт.
Кененирээк билүү >>