Шайлоочулардын саны мурдагы парламенттик шайлоого салыштырмалуу 27,6%га көбөйдү
24 сентября 2020
Бүгүн – 2020-жылдын 24-сентябрында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине шайлоону даярдоо боюнча басма сөз жыйынында Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын Төрагасы Н. Шайлдабекова конституциялык мыйзамга жана календардык планга ылайык өзүн шайлоочулардын тизмелеринен тактоо мезгили аяктаганын жарыялады.
“Мамлекеттик каттоо кызматынын маалыматтарынын жана тизмени тактоонун жүрүшүндө келип түшкөн шайлоочулардын арыздарын иштеп чыгуунун негизинде 2020-жылдын 24-сентябрына карата шайлоочулардын контролдук тизмесиндеги шайлоочулардын саны 3 523 532 жаранды түздү. Добуш берүү күнүнө чейин 80 күн калганда түзүлгөн шайлоочулардын алдын ала тизмесине салыштырмалуу өсүү 94 489 шайлоочуну же 2,75%ды түздү.
Жогорку Кеңешке мурдагы – 2015-жылдагы шайлоого салыштырмалуу шайлоочулардын саны 762 235 шайлоочуга же 27,6%га көбөйдү. 2017-жылдагы Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоого салыштырмалуу шайлоочулардын саны 497 762 жаранга же 16,5%га көбөйдү.
Шайлоочулардын жалпы санынын 47,74%ын – эркектер, 52,26%ын аялдар түзөт. 30 жашка чейинки шайлоочулар 29,67%ды түзөт. Добуш берүү күнү 2 475 шайлоо участогу иштейт”, - деди ал.
БШК башчысы чет өлкөлөрдөгү участоктордо шайлоочулардын алдын ала тизмесине салыштырмалуу олуттуу өсүү байкалгандыгын белгиледи.
“Чет өлкөлөрдө түзүлгөн 45 шайлоо участогунда башында 13 321 шайлоочу киргизилген. Шайлоочулардын тизмелерин тактоо процессинде Москва шаарында кыйла көп арыз келип түштү, ошондуктан кошумча участок ачуу жөнүндө чечим кабыл алынды. Ошентип, азыр Москва шаарында үч участок ачылды. Чет өлкөлөрдөгү шайлоочулардын саны учурда 32 580 адамды түзөт”, - деди Н. Шайлдабекова.
Чет өлкөлөрдө добуш берүүнү уюштуруу боюнча маалыматтык-түшүндүрүү жаатында көп иштер жүргүзүлгөнү белгиленди, чет өлкөлөрдө жашаган же жүргөн жарандар менен күн сайын онлайн жолугушуулар өткөрүлдү. Мындан тышкары, курамында КР БШКнын, КРӨ МККнын жана КР ТИМдин өкүлдөрү болгон мобилдик топтор түзүлдү, алар БУУӨПтүн колдоосу менен 31 шаарга барып, мигранттардын бирикмелери менен жолугушууларды өткөрүштү.
“Бул биздин мыйзамдардагы абдан прогрессивдүү форма экенин белгилей кетүү керек, ал шайлоочуга катталган жери боюнча эмес, анын өзүнө ыңгайлуу участокто добуш берүүгө мүмкүнчүлүк түзөт. ички жана тышкы миграциянын жогорку деңгээлин эске алганда бул шайлоонун чоң инклюзивдүүлүгүн камсыздайт. 2015, 2017-жылдары өткөн шайлоолордо дагы 2-форма боюнча арыздар көп түшкөнү байкалган.
Атап айтканда, 2-форма боюнча 2015-жылы – 297 327, 2017-жылы 315 461 арыз берилген. Бул жылы 2-форма боюнча 481 950 арыз түштү. 1-форма менен бирге бардыгы 488 873 арыз түштү”, - деди Н. Шайлдабекова.
2020-жылы 2-форма боюнча арыз берүүнүн жол-жобосу мурдагы жылдардагыдан айырмаланаары айтылды.
“Жарандар участокко жеке өздөрү келсин үчүн 2-форма боюнча арыз берүүдө биометрикалык иденттештирүү жол-жобосу киргизилди. Бул жаранга билгизбей арыз берүү учурларын четтетүүгө мүмкүнчүлүк берүүчү коргоо чарасы болду. Участоктордо 519 276 адам иденттештирүүдөн өттү”, - деп түшүндүрдү Н. Шайлдабекова.
Региондор боюнча түшкөн арыздар:
- Бишкек ш. – 151 577 арыз,
- Ош ш.- 42 467 арыз,
- Баткен облусу – 7 213 арыз,
- Жалал-Абад облусу – 57 387 арыз,
- Нарын облусу – 16 617 арыз,
- Ош облусу – 55 589 арыз,
- Талас облусу – 18 758 арыз,
- Чүй облусу – 114 585 арыз,
- Ысык-Көл облусу – 15 999 арыз.
- ТИМ боюнча – 1 620 арыз.
КР БШК маалымат бөлүмү
