БШК жергиликтүү кеңештердин айрым депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту

24 сентября 2020

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 2020-жылдын 24-сентябрындагы жыйынында "Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 20-беренесине, "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 3-беренесине жана "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 52-беренесине ылайык; Сокулук, Тоң, Балыкчы, Өзгөн жана Токтогул аймактык шайлоо комиссияларынын чечимдерине ылайык, жергиликтүү кеңештердин айрым депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө жана бош депутаттык мандаттарды төмөнкү шайланган депутаттарга өткөрүп берүү боюнча чечим кабыл алды:

Чүй облусунун Сокулук районунун Сокулук айылдык кеңеши:

  • Бахтыбаев Бахтияр Согушпекович ыйгарым укуктарын жеке арызы боюнча токтоткон. Шайланган депутат болуп убактылуу иштебеген Исагалиев Мирлан Карыпбекович таанылды.

Ысык-Көл облусунун Тоң районунун Кажы-Сай айылдык кеңеши:

  • Асаналиева Гульмира Шейшеевна - ыйгарым укуктары каза болгондугуна байланыштуу токтотулган. Шайланган депутат болуп мектепке чейинки билим берүү мекемесинин чарбалык маселелери боюнча башчысы Абдыкеев Алмазбек Сартбаевич таанылды.

Ысык-Көл облусунун Балыкчы шаарынын Балыкчы шаардык кеңеши:

  • Алиев Максат Согушбекович (№ 4, "Ата Журт" фракциясынан) - ыйгарым укуктары каза болгондугуна байланыштуу токтотулган. Култашев Чынгыз Фазылович (№ 13, "Ата Журт" саясий партиясынан) Кумтөр Оперейтинг компаниясынын коопсуздук кызматкери.

Ош облусунун Өзгөн районунун Куршаб айылдык кеңеши:

  • Эшматов Каныбек - ыйгарым укуктары каза болгондугуна байланыштуу токтотулган. Пенсионер Кыргызбаев Сүйүн Жумабаевич шайланган депутат деп таанылды.

Жалал-Абад облусунун Токтогул районунун Э.Аралбаев айылдык кеңеши:

  • Ажыбаев Толукбек Бектурсунович - ыйгарым укуктары жеке арызы менен токтотулган. Шайланган депутат болуп дыйкан чарбасынын мүчөсү Анаржан Аскерович Оморов таанылды.

Жалал-Абад облусунун Токтогул районунун Кызыл-Өзгөрүш айылдык кеңеши:

  • Сманова Гүлбайра Бабановна - ыйгарым укуктары жеке арызы менен токтотулган. Дыйкан чарбасынын мүчөсү Жуманалы Бекович Кокумов шайланган депутат деп таанылды.

КР БШК маалымат бөлүмү