БШК эки аймактык шайлоо комиссиясынын курамына жана резервине өзгөртүүлөрдү киргизди
24 сентября 2020
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 2020-жылдын 24-сентябрындагы жыйналышында аймактык шайлоо комиссияларынын курамдарына жана резервдерине төмөнкүдөй өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө токтом кылды.
Жалал-Абад облусунун Токтогул аймактык шайлоо комиссиясы:
- “Замандаш” саясий партиясынан көрсөтүлгөн Усенканова Айжан Казыбековна комиссиянын курамынан чыгарылсын;
- жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан Мадылбаева Жумагул Раевна резервден комиссиянын курамына киргизилсин.
Ысык-Көл облусунун Балыкчы аймактык шайлоо комиссиясы:
- “Мекеним Кыргызстан” саясий партиясынан көрсөтүлгөн Сарбагышева Илира Абдылдаевна комиссиянын курамынан чыгарылсын;
- “Мекен Ынтымагы” саясий партиясынан Кыдыралиев Максат Толонович резервден комиссиянын курамына киргизилсин.
Чечим Токтогул жана Балыкчы аймактык шайлоо комиссияларынын мүчөлөрү Усенканова Айжан Казыбековнанын жана Сарбагышева Илира Абдылдаевнанын комиссиялардын курамынан чыгаруу жөнүндө арыздарынын негизинде, “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7, 18, 19-беренелерине, “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 21-1-беренесинин 1-бөлүгүнүн 4-пунктуна, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2019-жылдын 6-декабрындагы №176 токтому менен бекитилген “Шайлоо комиссияларын түзүү, таркатуу жана шайлоо комиссияларынын резервин түзүү жана жүргүзүү тартиби жөнүндө” Жобосуна ылайык кабыл алынды.
КР БШК маалымат бөлүмү
