БШК Каракол шаарындагы 1 шайлоо участогунун дарегин өзгөрттү

24 сентября 2020

Бүгүн, 2020-жылдын 24-сентябрында, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы Ысык-Көл облусунун Каракол шаарындагы № 3162 шайлоо участогунун дарегин Пионерская көчөсү, 29 дарегиндеги № 7 бала бакчасынын имаратынан Харьковская көчөсүндөгү № 8 бала бакчасынын имаратына өзгөртүү чечимин кабыл алды.

Каракол аймактык шайлоо комиссиясынын Каракол шаарындагы № 3162 шайлоо участогунун дарегин өзгөртүү боюнча кайрылуусунун негизинде, "Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13-беренесинин 4-бөлүгүнө, "Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2, 4-пункттарына ылайык кабыл алынды.

Каракол аймактык шайлоо комиссиясына, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы менен биргеликте шайлоо участогунун дарегин өзгөртүү боюнча шайлоочулар арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүү тапшырылды.

КР БШК маалымат бөлүмү