БШК “Замандаш” саясий партиясынын тизмесинен 1 талапкерди чыгарды

22 сентября 2020

Бүгүн – 2020-жылдын 22-сентябрында өз жыйналышында Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы Кыбраев Муратбек Анаркуловичти “Замандаш” саясий партиясынан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына көрсөтүлгөн талапкерлердин катталган тизмесинен чыгаруу чечимин кабыл алды.

Чечим Кыбраев Муратбек Анаркуловичтин 2020-жылдын 22-сентябрындагы талапкерлердин тизмесинен чыгаруу жөнүндө жеке арызынын негизинде, “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 61-беренесин, “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6, 7, 18-беренелерин жетекчиликке алып, кабыл алынды.

КР БШК маалымат бөлүмү