БШК “Ыйман Нуру” адилеттүүлүк жана ɵнүгүү саясий партиясынын тизмесинен 1 талапкерди чыгарды

22 сентября 2020

Бүгүн – 2020-жылдын 22-сентябрында өз жыйналышында Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы Молдоярова Дамира Батыркуловнаны “Ыйман Нуру” адилеттүүлүк жана ɵнүгүү саясий партиясынан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына көрсөтүлгөн талапкерлердин катталган тизмесинен чыгаруу чечимин кабыл алды.

Чечим Молдоярова Дамира Батыркуловнанын 2020-жылдын 18-сентябрындагы талапкерлердин тизмесинен чыгаруу жөнүндө жеке арызынын негизинде, “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 61-беренесин, “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6, 7, 18-беренелерин жетекчиликке алып, кабыл алынды.

КР БШК маалымат бөлүмү