Ананьев айыл өкмөтүнүн башчысын кайра шайлоо дайындалды
22 сентября 2020
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 2020-жылдын 22-сентябрындагы жыйналышында Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районунун Ананьев айыл өкмөтүнүн башчысын жаңы талапкерлерди көрсөтүү менен кайра шайлоону 2020-жылдын 6-октябрына дайындоо жөнүндө чечим кабыл алды.
Шайлоо саат 9.00дөн 12.00 чейин өткөрүлөт.
2020-жылдын 21-сентябрына дайындалган Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районунун Ананьев айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоодо талапкерге караганда “бардык талапкерлерге каршы” позициясы үчүн көп добуш берилген.
БШК кайра шайлоо жөнүндө чечимди “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6, 7, 18-беренелерине, “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 49-беренесине, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2017-жылдын 6-январындагы №3 токтому менен бекитилген “Айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоонун тартиби жөнүндө” Жобого ылайык кабыл алды.
Ысык-Көл аймактык шайлоо комиссиясына шайлоону Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 11-майындагы токтому менен бекитилген санитардык-эпидемиологиялык эрежелерди (1,5-2 метр аралыкты сактоону камсыздоо жана контролдоо, бир жолку бет каптарды пайдалануу, дезэритме, спирти бар антисептик менен колду иштеп чыгуу) сактоо менен өткөрүүнү уюштуруу тапшырылды.
КР БШК маалымат бөлүмү
