Саясий партияларга, өкмөттүк эмес уюмдарга жана жалпыга маалымдоо каражаттарга маалымат үчүн

07 сентября 2012

2012-жылдын 11-сентябрында Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын басма сөз борборунда Бишкек шаарынын 204 участкалык шайлоо комиссияларынын курамдарына талапкерлерди тандап алуу үчүн саясий партиялардын арасынан чучукулак өткөрүлөт.

Чучукулак өткөрүүнүн жол-жобосуна Бишкек шаарынын участкалык шайлоо комиссияларынын курамдарына өз талапкерлерин көрсөткөн  саясий партиялардын өкүлдөрү чакырылат.

Чучукулак өткөрүүнүн жүрүшүнө байкоону жүзөгө ашыруу үчүн жалпыга маалымдоо каражаттары жана өкмөттүк эмес уюмдардын өкүлдөрү дагы чакырылат.

“Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык, участкалык шайлоо комиссиясы эки жылдык мөөнөткө саясий партиялардын өкүлдөрүнүн экиден биринин жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органдарынын өкүлдөрүнүн экиден биринин курамында түзүлөт. Бир участкалык шайлоо комиссиясынын курамына ар бир саясий партиядан бирден ашык эмес өкүл болушу мүмкүн.

 

Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын басма сөз кызматы