БШК талапкер Д. Жумабековдун шайлоо мыйзамын бузгандыгы үчүн “Кыргызстан” саясый партиясына эскертүү берди

18 сентября 2020

КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы өз жыйынында “Демократия жана жана жарандык коом үчүн коалициясы” коомдук бииркмесинин 15-сентябрда түшкөн арызын карады. Арызда “Кыргызстан” саясый партиясынын талапкери Д. Жумабековдун шайлоо мыйзамын бузгандыгы келтирилген.

“Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” КР конституциялык мыйзамынын 21-21-1, 22-28-46-беренелерин, “Кыргыз Республикасында шайлоо жана референдум өткөрүүдө шайлоо процессине катышуучулардын же башка субьектилердин, шайлоочулардын арыздарын (даттанууларын) шайлоо комиссияларынын кароосу жөнүндөгү” Жобону жетекчиликке алуу менен, Кыргыз Республикасында шайлоо жана референдум өткөрүүдө шайлоо процессине катышуучулардын жана башка шайлоочулардын арыздары менен даттанууларын кароочу Жумушчу тобу КР Боршайкомуна “Кыргызстан” саясый партиясынан талапкер Д. Жумабековдун каттосун жокко чыгарууну сунуш кылды.

Депутаттыкка талапкердин каттоосун жокко чыгаруу чечими Борбордук шайлоо комиссиясынын 2/3 добушу менен кабыл алынат. Бул сунуш КР БШК мүчөлөрүнүн жетиштүү добушун ала алган жок.

“Кыргызстан” саясый партиясынан талапкер Д. Жумабековго эскертүү берүү сунушу да тиешелүү добуш ала алган жок.

КР БШК мүчөлөрүнүн көпчүлүк добушу менен (11добуш) талапкер Д. Жумабеков шайлоо мыйзамын бузгандыгы үчүн “Кыргызстан” саясый партиясына жазуу түрүндө эскертүү берүү чечими кабыл алынды.

КР БШК Маалыматтык бөлүмү