БШК “Мекеним Кыргызстан” саясий партиясынын тизмесинен 1 талапкерди чыгарды

18 сентября 2020

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 2020-жылдын 18-сентябрындагы өз жыйналышында Иманалиев Данир Белековичти “Мекеним Кыргызстан” саясий партиясынан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына көрсөтүлгөн талапкерлердин катталган тизмесинен чыгаруу чечимин кабыл алды.

Чечим Иманалиев Данир Белековичтин 2020-жылдын 16-сентябрындагы талапкерлердин тизмесинен чыгаруу жөнүндө кириш №06/2085 жеке арызынын негизинде, “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 61-беренесин, “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6, 7, 18-беренелерин жетекчиликке алуу менен кабыл алынды.

КР БШК маалымат бөлүмү