БШК “Мекенчил” саясий партиясынын өкүлүн каттады

18 сентября 2020

Бүгүн – 2020-жылдын 18-сентябрында Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы Токтомамбетова Айжаркын Догдурбековнаны 2020-жылдын 4-октябрына дайындалган Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине шайлоодо “Мекенчил” саясий партиясынан Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына өкүл катары каттоо жөнүндө чечим кабыл алды. 

Чечим “Мекенчил” саясий партиясынын 2020-жылдын 15-сентябрындагы кириш №06/2025 сунуштамасынын негизинде, “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык мыйзамынын 17-беренесине ылайык, “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамынын 7, 18-беренелерин жетекчиликке алуу менен кабыл алынды.

КР БШК маалымат бөлүмү