БШК 4 талапкерди “Чоң казат” саясий партиясынын тизмесинен чыгарды

18 сентября 2020

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 2020-жылдын 18-сентябрындагы жыйналышында төмөнкү адамдарды “Чоң казат” саясий партиясынан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына көрсөтүлгөн талапкерлердин катталган тизмесинен чыгарды:

  • Султангазиева Анаркүл Аскарбековнаны;
  • Собирова Саида Иброхимовнаны;
  • Ажымамбетов Актан Айылчиевичти;
  • Асаналиев Ганы Бекбоевичти.

Чечим Султангазиева Анаркүл Аскарбековнаны, Собирова Саида Иброхимовнаны, Ажымамбетов Актан Айылчиевичти, Асаналиев Ганы Бекбоевичти талапкерлердин тизмесинен чыгаруу жөнүндө “Чоң казат” саясий партиясынын 2020-жылдын 17-сентябрындагы кат жүзүндөгү кириш №06/2104 билдирмесинин негизинде, “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык
Мыйзамынын 61-беренесин, “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6, 7, 18-беренелерин жетекчиликке алып, кабыл алынды.

КР БШК маалымат бөлүмү