БШК жергиликтүү кеңештердин айрым депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту

18 сентября 2020

Бүгүн, 2020-жылдын 18-сентябрында, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы өзүнүн жыйынында Нарын шаардык аймактык шайлоо комиссиясынын жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жана шайланган депутаттардан кийин Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттыгына талапкерлерге бош депутаттык мандаттарды өткөрүп берүү жөнүндө чечимин жактырды.

Нарын шаардык кеңешинен өз арызынын негизинде Шадыманов Бек Медетович (№ 9, "Кыргызстан" фракциясы) кызматтан кетти. Мандат Ибраев Болотбек Кадырбековичке (№ 11, "Кыргызстан" фракциясы) өттү.

Нарын шаардык аймактык шайлоо комиссиясы «Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 20-беренесине, «Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 3-беренесине жана «Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 52-беренесине ылайык чечим кабыл алды.

БШК "Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6, 7, 18-беренелерине, "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 52-беренесине жана "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 3-беренесине ылайык, чечим кабыл алды.

КР БШК маалымат бөлүмү