БШК Көк-Ой айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо күнүн белгиледи

18 сентября 2020

Бүгүн, 2020-жылдын 18-сентябрындагы отурумунда, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы Талас облусунун Талас районунун Көк-Ой айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоону 2020-жылдын 6-октябрына белгилөө чечимин кабыл алды.

Шайлоо саат 09:00дон 12:00го чейин өтөт.

Талас облусунун Талас районунун мамлекеттик администрациянын башчысы-акиминин 2020-жылдын 9-сентябрындагы № 142 буйругу менен Көк-Ой айыл өкмөтүнүн башчысы Кушубеков Анарбек Асанбекович берген арызынын негизинде ээлеген кызматынан бошотулган.

БШК "Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6, 7, 14, 18-беренелерине, "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 49-беренесине, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2017-жылдын 6-январындагы № 3 "Айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоонун тартиби жөнүндө" токтому менен бекитилген Жобого ылайык чечим кабыл алды.

Талас аймактык шайлоо комиссиясына шайлоону Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык уюштуруу, ошондой эле мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен бирдикте, санитардык-эпидемиологиялык эрежелерди сактоону уюштуруу жана камсыз кылуу тапшырылды:

  • добуш берүү бөлмөсүн жана бөлмөдөгү буюмдардын бетин дезинфекциялоо;
  • шайлоо процессинин катышуучуларынын ортосунда 1,5-2 метр аралыкты сактоо үчүн белгилерди белгилөө;
  • кирүүчү жерде жана бюллетендерди берген жерде тазалоочу каражаттар менен камсыз кылуу;
  • контактсыз термометр менен шайлоочулардын дене табын өлчөө;
  • шайлоо процессинин катышуучуларына бир жолу колдонулуучу бет каптарды жана кол каптарды берүү;
  • колдонулган материалдарды жана буюмдарды дезинфекциялоо.

КР БШК маалымат бөлүмү