БШК бир талапкерди “Ата Мекен” социалисттик саясий партиясынан катталган талапкерлердин тизмесинен чыгарды

15 сентября 2020

Бүгүн – 15-сентябрда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы Төлөгөн уулу Аманды “Ата Мекен” социалисттик саясий партиясынан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына көрсөтүлгөн талапкерлердин катталган тизмесинен чыгаруу жөнүндө чечим кабыл алды.

Чечим Төлөгөн уулу Амандын 2020-жылдын 13-сентябрындагы талапкерлердин тизмесинен чыгаруу жөнүндө кириш №06/1988 жеке арызынын негизинде, “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 61-беренесин, “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6, 7, 18-беренелерин жетекчиликке алып кабыл алынды.

КР БШК маалымат бөлүмү