Башкы Жаңылыктар БШК 11 шайлоо участогунун даректерин өзгөрттү

БШК 11 шайлоо участогунун даректерин өзгөрттү

15-Сен, 2020

Бүгүн – 2020-жылы 14-сентябрда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы Жалал-Абад облусунун Токтогул, Ысык-Көл облусунун Тоң аймактык шайлоо комиссияларынын аймагындагы төмөнкү шайлоо участкаларынын даректерин өзгөртүү жөнүндө токтом кылды:

  1. Жалал-Абад облусунун Токтогул  районунун Токтогул шаарындагы №2236 шайлоо участогу, Бөкөнбаев атындагы орто мектебинин имаратынан А. Суеркулов көчөсү, 22 дарегиндеги Кыргыз почтасынын имаратына;
  2. Ысык-Көл облусунун Тоң районунун Кажы-Сай айыл аймагындагы №3207 шайлоо участогу, Кажы-Сай айылындагы маданият үйүнүн имаратынан Жунушев көчөсү, 15 дарегиндеги «Бизнес инкубатор» имаратына;
  3. Ысык-Көл облусунун Тоң районунун Күн-Чыгыш айыл аймагындагы №3214 шайлоо участогу, Бөкөнбаев айылындагы райондук маданият үйүнүн имаратынан Шакир уста Аламанов көчөсү, 20 дарегиндеги Ж. Бөкөнбаев атындагы орто мектебинин имаратына;
  4. Ысык-Көл облусунун Тоң районунун Күн-Чыгыш айыл аймагындагы №3215 шайлоо участогу, Бөкөнбаев айылындагы Тоң райондук сугат тармактар башкармалыгынын имаратынан А. Карымшаков көчөсү, 66 дарегиндеги №81 кесиптик лицейинин имаратына;
  5. Ысык-Көл облусунун Тоң районунун Төрт-Күл айыл аймагындагы №3220 шайлоо участогу, Төрт-Күл айылындагы ФАП имаратынан Азарбек көчөсүндөгү “Каба уулу Атабек” атындагы айылдык клубунун имаратына;
  6. Ысык-Көл облусунун Тоң районунунТөрт-Күл айыл аймагындагы №3221 шайлоо участогу, Туура-Суу айылындагы айылдык клубунун  имаратынан Малиев көчөсү, 33 дарегиндеги Тайлаков атындагы орто мектебинин имаратына;
  7. Ысык-Көл облусунун Тоң районунун Ак-Терек айыл аймагындагы №3233 шайлоо участогу, Дөң-Талаа айылындагы С. Текеев атындагы орто мектебинин имаратынан У. Искаков көчөсү, 22 дарегиндеги айылдык клубунун имаратына;
  8. Ысык-Көл облусунун Тоң районунун Улахол айыл аймагындагы №3239 шайлоо участогу, Туура-Суу айылындагы Сагытай атындагы орто мектебинин имаратынан Байгазиев көчөсү, 38 дарегиндеги айылдык клубунун имаратына;
  9. Ысык-Көл облусунун Тоң районунун Улахол айыл аймагындагы №3241 шайлоо участогу, Оттук айылындагы М. Мамбетов атындагы орто мектебинин имаратынан Чолпонкулов көчөсү, 52 дарегиндеги айылдык клубунун имаратына;
  10. Ысык-Көл облусунун Тоң районунун Улахол айыл аймагындагы №3242 шайлоо участогу, Кара-Шаар айылындагы маданият үйүнүн имаратынан Байым көчөсү, 1 дарегиндеги Т. Салыкбаев атындагы орто мектебинин имаратына;
  11. Ысык-Көл облусунун Тоң районунун Көк-Мойнок айыл аймагындагы №3243 шайлоо участогу, Ак-Өлөң айылындагы айыл өкмөтүнүн имаратынан 8-март көчөсү, 21 дарегиндеги С. Каралаев атындагы орто мектебинин имаратына.

Чечим Жалал-Абад облусунун Токтогул, Ысык-Көл облусунун Тоң аймактык шайлоо комиссияларынын шайлоо участкаларынын даректерин өзгөртүү жөнүндө кайрылуулардын негизинде, «Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын ЖогоркуКеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13-беренесинин 4-бөлүгүнө, «Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2, 4-пункттарына ылайык кабыл алынды.

КР БШК маалымат бөлүмү 

Башка жаңылыктар

Баардык жаңылыктар
Шайлоо фонддору: Түзүү, чыгымдоо жана отчеттуулук тартиби
06-Окт, 2026

Шайлоо фонддору: Түзүү, чыгымдоо жана отчеттуулук тартиби

-
Кененирээк билүү >>
КР БШКнын кызматкерлери Жогорку Кеңештин медалы менен сыйланышты
05-Окт, 2026

КР БШКнын кызматкерлери Жогорку Кеңештин медалы менен сыйланышты

Бүгүн, 5-октябрда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Марлен Маматалиев кесиптик жетишкендиктери жана өлкөнүн өнүгүшүнө кошкон салымы үчүн ар түрдүү тармактардын өкүлдөрүнө Жогорку Кеңештин сыйлыктарын тапшырды.Сыйлык тапшыруу аземинин алкагында Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын аппаратынын жетекчиси жана укуктук камсыздоо бөлүмүнүн кызматкерлери  Жогорку Кеңештин "Мыйзам чыгаруу ишин өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн" медалы менен сыйланышты.Кесиптештерибизди татыктуу сыйлыктары менен куттуктап, Кыргыз Республикасынын өнүгүүсүнө багытталган мындан аркы иштеринде ийгиликтерди жана жаңы жетишкендиктерди каалайбыз.
Кененирээк билүү >>
КР БШКнын Көзөмөлдөө-текшерүү тобу банктардын өкүлдөрү менен жумушчу жолугушуу өткөрдү
02-Окт, 2026

КР БШКнын Көзөмөлдөө-текшерүү тобу банктардын өкүлдөрү менен жумушчу жолугушуу өткөрдү

Бүгүн, 2-октябрда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын мүчөсү Алмаз Айбалаевдин жетекчилигинде КР БШКнын алдындагы Көзөмөлдөө-текшерүү тобу “Элдик Банк” жана “АБанк” ААКнын өкүлдөрү менен жумушчу жолугушуу өткөрдү.КР БШКнын чечимине ылайык, аталган банк мекемелери Кыргыз Республикасынын Президенттигине талапкерлердин шайлоо фонддорунун атайын эсептерин ачуу үчүн аныкталган.Жолугушуунун жүрүшүндө банктар менен талапкерлердин жана алардын финансылык маселелер боюнча ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн практикалык өз ара аракеттенүүсү, анын ичинде шайлоо фонддорунун атайын эсептерин ачуу жана жүргүзүү, финансылык операцияларды жүргүзүү, зарыл болгон маалыматтарды алмашуу жана тиешелүү отчеттуулукту берүү маселелери талкууланды.Ошондой эле, шайлоо фонддорунун эсептерин өз убагында ачуу максатында КР БШК менен банк мекемелеринин натыйжалуу өз ара аракеттенүүсүн камсыз кылуу жана бул багытта келип чыгышы мүмкүн болгон уюштуруучулук тоскоолдуктарды алдын алуу маселелери каралды.Иш-чаранын жыйынтыгында өз ара аракеттенүүнү  өркүндөтүү жана шайлоо өнөктүгүн каржылык жактан ачык-айкын, ыкчам жана талаптагыдай камсыз кылуу боюнча мындан аркы чаралар аныкталды. 
Кененирээк билүү >>
КР БШКнын төрагасы Тынчтык Шайназаров Улуулар күнүнө карата кызматкерлерди куттуктады
02-Окт, 2026

КР БШКнын төрагасы Тынчтык Шайназаров Улуулар күнүнө карата кызматкерлерди куттуктады

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасы Тынчтык Шайназаров 1-октябрь -Улуулар күнүнө карата КР БШКнын аппаратынын улуу муундагы кызматкерлерин майрамы менен куттуктады.Өз сөзүндө Тынчтык Шайназаров улуу муундун бай тажрыйбасы, терең билими жана баалуу кеп-кеңештери мекеменин ишинин натыйжалуулугун арттырууга олуттуу салым кошуп жатканын белгиледи.“Сиздердин турмуштук жана кесиптик тажрыйбаңыздар, акыл-насаатыңыздар биз үчүн ар дайым баалуу. Көп жылдык эмгегиңиздер, жоопкерчилигиңиздер жана кесипкөйлүгүңүздөр жалпы ишибизге чоң жардам берүүдө”, - деп белгиледи Тынчтык Шайназаров.КР БШКнын төрагасы кызматкерлерге бекем ден соолук, узун өмүр, үй-бүлөлүк бакыт жана иштерине мындан аркы ийгиликтерди каалады.   
Кененирээк билүү >>