БШК КР ЖКны шайлоого чыгымдардын кошумча сметасын бекитти

15 сентября 2020

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 2020-жылдын 15-сентябрындагы өз жыйналышында “2020-жылдын 4-октябрына дайындалган Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоону даярдоого жана өткөрүүгө чыгымдардын сметасын бекитүү жөнүндө” 2020-жылдын 17-июлундагы №134 токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизип, КР ЖК депутаттарын шайлоону даярдоого жана өткөрүүгө чыгымдардын кошумча сметасын 729 800 (жети жүз жыйырма тогуз миң сегиз жүз) сом суммасында бекитти. 

Чечим Ош шаарынын аймагында кошумча түзүлгөн шайлоо участкаларынын ишин каржылоо максатында,  “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 40-беренесин, “Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2, 11, 12-пункттарын, 25-беренесинин 2, 3, 6, 7-пункттарын жетекчиликке алып, кабыл алынды.

КР БШК маалымат бөлүмү