2020–ж. 15-сентябрында өтө турган КР БШКнын отурумунун күн тартибинин долбоору

15 сентября 2020

Өткөрүү датасы: 15 сентябрь 2020-ж.

Убактысы: 16:00

Өткөрүлүүчү жери: отурумдар залы

1. 2020-жылдын 4-октябрына дайындалган Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоодогу шайлоо бюллетендерин даярдоо жөнүндө

(баяндамачы – Т.О. Айтикеев, шайлоолорду уюштуруу бөлүмүнүн башчысы).

2. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2020-жылдын 17-июлундагы “2020-жылдын 4-октябрына дайындалган Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоону даярдоого жана өткөрүүгө чыгымдардын сметасын бекитүү жөнүндө” № 134 токтомуна өщгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу

(баяндамачы – Дуйшембаева Г., эсепке алуу, отчеттулук жана пландоо бөлүмүнүн башчысы)

3. Жалал-Абад облусунун Токтогул, Ысык-Көл облусунун Тоң аймактык шайлоо комиссияларынын аймагындагы кээ бир шайлоо участкаларынын даректерин өзгөртүү жөнүндө

(баяндамачы – Т.О. Айтикеев, шайлоолорду уюштуруу бөлүмүнүн башчысы).

4. «Ыйман Нуру» Адилеттүүлүк жана өнүгүү саясий партиясынан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына көрсөтүлгөн талапкерлердин катталган тизмесинен талапкерди чыгаруу жөнүндө

(баяндамачы – Т.О. Айтикеев, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенешинин депутаттарын шайлоосунда саясий партиялардын документтерин кабыл алуу боюнча жумушчу топтун мүчөсү)

5. «Кыргызстан» саясий партиясынын ишенимдүү адамдарын каттоо жөнүндө

(баяндамачы – Т.О. Айтикеев, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенешинин депутаттарын шайлоосунда саясий партиялардын документтерин кабыл алуу боюнча жумушчу топтун мүчөсү)

6. «Ата Мекен» саясий Социалисттик партиясынын ишенимдүү адамдарын каттоо жөнүндө

(баяндамачы – Т.О. Айтикеев, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенешинин депутаттарын шайлоосунда саясий партиялардын документтерин кабыл алуу боюнча жумушчу топтун мүчөсү)

7. «Мекенчил» саясий партиясынан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына көрсөтүлгөн талапкерлердин катталган тизмесинен талапкерди чыгаруу жөнүндө

(баяндамачы – Т.О. Айтикеев, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенешинин депутаттарын шайлоосунда саясий партиялардын документтерин кабыл алуу боюнча жумушчу топтун мүчөсү)

8. . «Социал -Демократ» саясий партиясынан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына көрсөтүлгөн талапкерлердин катталган тизмесинен талапкерди чыгаруу жөнүндө

(баяндамачы – Т.О. Айтикеев, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенешинин депутаттарын шайлоосунда саясий партиялардын документтерин кабыл алуу боюнча жумушчу топтун мүчөсү)

9. Ар түрдүү маселелер