БШК жана ЕККУнун ДИАУБу алдыдагы парламенттик шайлоону даярдоону талкуулады
08 сентября 2020
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын Төрагасы Н. Шайлдабекованын ЕККУнун ДИАУБунун Бозеруп Томас Вильгельм башында турган миссиясынын мүчөлөрү менен 2020-жылдын 4-октябрына дайындалган Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине шайлоого байкоо жүргүзүү маселелери боюнча жолугушуусу болду.
ЕККУнун ДИАУБунун миссиясынын башчысы Бозеруп Томас Вильгельм шайлоого байкоо жүргүзүүгө чакырганы үчүн Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясына ыраазычылык билдирди. Ал ЕККУнун ДИАУБунун 12 эксперттен турган командасы Бишкекке 2-сентябрда келгенин билдирди. Келерки жумада Кыргызстанга 18 узак мөөнөттүү байкоочулар күтүлүп жатат, алар өлкө боюнча тиешелүү аймактарга бөлүштүрүлөт.
“ДИАУБ Кыргызстанда көп убакыт болду жана азыр дагы болууда. Бул биз байкоо жүргүзө турган он экинчи шайлоо. Биздин байкоо жүргүзүүнүн негизи – бул көз карандысыздык. Байкоо жүргүзүүдөгү эле эмес, шайлоодон кийинки дагы көз карандысыздык”, - деп айтты ал.
Н. Шайлдабекова Кыргызстан реформасы 2013-2014-жылдары башталган шайлоо тутумун өркүндөтүү процессинде экенин айтып берди. “2018-жылы Туруктуу өнүктүрүү боюнча улуттук кеңеш шайлоо мыйзамдарын өркүндөтүү Стратегиясын кабыл алды, ал мурдагы шайлоо өнөктүктөрүндө ЕККУнун ДИАУБунун эл аралык байкоочулары берген сунуштарды ишке ашыруу боюнча чараларды дагы камтыйт. Парламент менен өз ара аракеттешүүнүн натыйжасында ал сунуштарды мыйзам чыгаруу деңгээлинде ишке ашырууга мүмкүн болду. Кыргызстан демократиялык шайлоодо ЕККУнун мүчөсү катары өлкө алган милдеттенмелер боюнча эл аралык стандарттарды жана ченемдерди жактырат”, - деп айтты ал.
Төрага шайлоо мыйзамдарын өркүндөтүү Стратегиясын иштеп чыгуу жана аны ишке ашыруу процессинде ЕККУнун Бишкектеги Программалык кеңсеси жана ЕККУнун ДИАУБунун эксперттери тарабынан көрсөтүлүп жаткан колдоонун маанилүү жана натыйжалуу экенин белгиледи.
Н. Шайлдабекова айтуусу боюнча шайлоо өнөктүгү өзүнүн эң жогорку жигердүү баскычына чыкты – 4-сентябрдан тартып үгүт өнөктүгү башталды.
“Каттоо этабынын жыйынтыгы боюнча 15 саясий партиянын талапкерлеринин тизмеси катталды. Алдыдагы шайлоонун өзгөчөлүктөрүнүн бири – шайлоо өнөктүгүн каржылоонун ачык-айкындуулугу. Партиялардын фонддорундагы каражаттардын кыймылын чагылдыруу ишке ашырылууда. Азыр шайлоо фонддорун түзүүнүн мыйзамдуулугуна байкоо жүргүзүүгөжана аны текшерүүгө мүмкүнчүлүк берүүчү усулду иштеп чыгуудабыз.
Мыйзам боюнча бул шайлоодо дебаттардын саны көбөйтүлүп, концерт, мелдеш ж.б. өткөрүү сыяктуу ар түрдүү үгүт форматтарынын саны чектетилди. Мыйзамга дебаттардын саны талапкерлерге берилүүчү акысыз обо убактысынын жарымынан кем эмес бөлүгүн түзүүгө тийиш деген ченем киргизилди.
Кийинки жумадан тартып тв-каналдарда дебат программасы башталат, ал жаштардын, талапкер аялдардын дебаттарын, лидерлердин жалпы улуттук дебаттарын камтыйт. Шайлоочулар талапкерлердин сапаттары тууралу көбүрөөк маалымат алсын үчүн дебаттардын жүрүшүнө колдоо тобунун катышуусуна тыюу салынды.
Жолугушууда Кыргызстанда добуштарды сатып алууга жана администрациялык ресурсту пайдаланууга каршы натыйжалуу санкциялар боюнча мыйзам кабыл алынганы белгиленди. Шайлоонун инклюзивдүүлүгү боюнча чаралар тууралу айтылды.
“Тизме” порталында шайлоочулардын тизмеси тууралу жалпы маалымат бар, андан өз шайлоо участогун таап, орун которуштуруу тарыхы менен таанышууга мүмкүн болот. Кыргызстанда шайлоо комиссиясына тиешелүү арыз берип же портал аркылуу добуш берүү күнүнө чейин 15 күндөн кечиктирбестен өз шайлоо дарегин өзгөртүү мүмкүнчүлүгү бар. Шайлоо участокторунун картасы шайлоочуларга шайлоо участокторунун чек аралары менен таанышууга, жакын жайгашкан шайлоо участогун табууга көмөктөшөт. Шайлоону андан ары санариптештирүү алкагында шайлоочунун электрондук кабинети сервиси киргизилген, анда авторлоштуруудан өтүп, электрондук форматта арыз берүү мүмкүн болот. Мында Өкмөт бекиткен авторлоштуруунун бирдиктүү тутуму – электрондук санариптик кол тамга жана ID-картанын коду колдонулат.
Бир нече күн мурда Өкмөт электрондук санариптик кол тамганы (ЭСК) каттоону акысыз жүргүзүү жөнүндө чечим кабыл алды, бул шайлоочулар тарабынан ЭСКны каттоосун активдештирди жана, шексиз түрдө, жарандардын мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдү электрондук форматта алуусун кеңейтүү үчүн маанилүү негиз болуп калат”, - деп айтты Н.Шайлдабекова.
Жолугушууда БШК тарабынан ЕККУнун ДИАУБунун байкоочулары үчүн шайлоо процессинин ар кандай маанилүү өңүттөрү боюнча брифингдерди өткөрүү макулдашылды.
КР БШК маалымат бөлүмү
