Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоого даярданууда Москва шаарында жайгашкан Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясындагы Элчилиги иштөө убагын дем алыш күндөрдү кошо алганда кечки саат 21:00гө чейин узартты

06 сентября 2020

Чет өлкөлөрдө убактылуу жашаган же жүргөн Кыргыз Республикасынын жарандарынын шайлоо укуктарын ишке ашырууну камсыздоо боюнча БШКнын жумушчу тобу Россия Федерациясында жашаган же жүргөн Кыргыз Республикасынын жарандарынын шайлоо укуктарын ишке ашыруу максатында 2020-жылдын 19-сентябрына чейин дем алыш күндөрдү кошо алганда Москва шаарында жайгашкан Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясындагы Элчилиги иштөө убагын саат 21:00гө чейин узартты деп маалымдайт.

Жарандар шайлоого катышуу маселелери боюнча Элчиликке кайрыла  алышат.

КР БШК маалымат бөлүмү