Башкы Жаңылыктар Саясий партиялар кол койгон таза шайлоо жөнүндө Меморандум

Саясий партиялар кол койгон таза шайлоо жөнүндө Меморандум

04-Сен, 2020

2020-жылдын 4-октябрына дайындалган Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоого катышып жаткан

саясий партиялардын ортосундагы

меморандуму

 

  • Бишкек ш. 2020-жылдын 4-сентябры

 

 

Биз, тѳмѳндѳ кол койгон 2020-жылдын 4-октябрына дайындалган Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоого катышуу үчүн талапкерлердин тизмесин кѳрсѳткѳн саясий партиялардын ѳкүлдѳрү,

Кыргыз Республикасынын жарандарынын жыргалчылыгын, социалдык–экономикалык өнүгүшүн жогорулатууга көмөктѳшүүгѳ умтулуп, тынчтык, туруктуулук жана Кыргызстандын келечекте гүлдѳп өнүгүшү үчүн жалпы жоопкерчиликти аңдап сезүү менен,

шайлоодо бардык катышуучулар үчүн жарандардын кызыкчылыктары артыкчылыктуу болууга тийиш экендигин, ал эми адамдардын колдоосу үчүн реалдуу иштер гана кызмат кыларын таанып,

шайлоо реформасынын жүрүшүндө шайлоонун жыйынтыктарынын аныктыгы жана ачык-айкындулуугу реалдуу атаандаштык үчүн жакшы негиз болуп санала тургандыгын таануу менен, Кыргыз Республикасынын Конституциясына жана мыйзамдарына ылайык шайлоону калыс жана акыйкат ѳткѳрүү үчүн аракеттенебиз.

Шайлоо комиссияларынын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, ѳкмѳттүк эмес уюмдардын, жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрүнүн жана жарандык активисттердин катышуусунда ушул Меморандумга кол коюп жатып, эл алдында төмөндөгүлөргө милдеттенебиз:

  • Кыргыз Республикасынын Конституциясынын талаптарын кыйшаюсуз аткарууга, Кыргыз Республикасынын шайлоо жөнүндө мыйзамдарынын жана башка ченемдик укуктук актыларынын ченемдерин сактоого;
  • шайлоо өнөктүгүн ачык-айкындуулуктун жана өз ара сыйлашуунун, жарандардын кызыкчылыктары менен укуктарынын артыкчылыктуулугунун, мыйзамдын үстөмдүгүнүн принциптеринде жүргүзүүгө;
  • Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешин шайлоого катышкан саясий партиялар жана шайлоо процессинин башка катышуучулары менен конструктивдүү сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүгө, саясий оппоненттер менен талаш-тартыштарды мыйзамдын негизинде ачык, жалпы талкуунун негизинде чечүүгө, ошондой эле талаш-тартыштарды чечүү боюнча органдын акыркы чечимдерин кабыл алууга жана сактоого;
  • жаштардын, ден соолугунун мүмкүнчүлүктѳрү чектелген адамдардын жана аялдардын саясий иштерге жана добуш берүүгѳ тең укуктуу катышуусуна жана жетишүүсүнѳ кѳмѳктѳшүүгѳ;
  • шайлоо процессинде этикалык жана моралдык нормаларды сактоого, бири бирибизге карата булганыч технологияларды пайдаланбай туруп үгүт иштерин жүргүзүүгө,
  • билип туруп жалган маалыматтарга негизделген, башка талапкерлердин, саясий партиялардын ар-намысын, кадыр-баркын жана иштиктүү беделин кемсинткен жарыялоолорду жайылтпоого;
  • шайлоо жѳнүндѳ мыйзамдарда белгиленген үгүт эрежелерин, анын ичинде жалпыга маалымдоо каражаттарында, интернет-басылмаларда жана социалдык медиаларда үгүт жүргүзүүдѳ сактоого;
  • социалдык медиа мүмкүнчүлүктѳрүн атаандаштарга каршы курал катары пайдаланбоого; булактары белгисиз болгон маалыматтарды социалдык медиада жайылтпоого;
  • социалдык медиалардагы саясий жарнактарды партиянын шайлоо фондунун каражаттарынан тѳлѳѳ жана мындай жарнактарды шайлоо ѳнѳктүгүн каржылоо жѳнүндѳ отчеттордо чагылдыруу; социалдык медиаларда саясий жарнактарды жайгаштыруу үчүн жалган адамдарды пайдаланбоого;
  • добуш берүү күнүнѳ чейин 24 саат калганда жана добуш берүү күнү үгүт жүргүзбѳѳгѳ жана социалдык медиаларда добуш берүү күнүнѳ чейин 5 күн калганда жана добуш берүү күнү коомдук пикирлерди сурап-билүүнүн жыйынтыктарын жайылтпоого;
  • шайлоочулардын добуштарын сатып алууга өзүнүн катышуусун жана өз өкүлдөрүнүн, ишенимдүү адамдарынын, партиялаштарынын, үгүт жүргүзүүчүлөрдүн, туугандарынын, досторунун, тааныштарынын жана башка адамдардын катышуусун болтурбоого, шайлоочулардын добуштарын сатып алууга каршы бардык чаралар менен күрөшүүгө, анын ичинде укук коргоо органдарына көмөк көрсөтүүгө; шайлоочуларды добушун добуш берүүнүн купуялуулугу корголо тургандыгына, башка адам кандай добуш бергендигин эч ким билбей тургандыгына ишендирүүгѳ;
  • өздөрүнүн максаттарына жетишүү үчүн административдик ресурстарды пайдаланууну, анын ичинде кызматтык же кызмат абалынын артыкчылыктарын пайдаланууну жокко чыгарууга;
  • күч колдонуу менен коркутуу же социалдык жаатташуу жана каршылашуу, талапкерлердин жана саясий партиялардын ичинен атаандаштардын шайлануу мүмкүнчүлүгүн каралоо же басаңдатуу максатында күч колдонууга көкүтүү камтылган маалыматтарды, үгүт жана маалыматтык материалдарды интернет жана башка ресурстар аркылуу расмий же жашыруун басып чыгарбоого жана жайылтпоого;
  • добуш берүү жана добуштарды эсептөө процессинде жарандардын өз эркин билдирүү эркиндигине укукка сыйбас таасир көрсөтүүнүн ар кандай аракеттеринен баш тартууга, добуш берүүнүн жашыруундуулугун бузбоону колдоого;
  • шайлоо процессинин бардык катышуучуларына карата ачык болуу жана сыйлоо принциптеринин негизинде калыс жана акыйкат шайлоолорду өткөрүүгө ар тараптуу көмөктөшүүгө, шайлоо комиссияларына, аккредитацияланган байкоочуларга жана укук коргоо органдарына алардын ишинде көмөк көрсөтүүгө;
  • шайлоо алдындагы мезгилде жана шайлоодон кийин ыңгайлуу жана тынч шарттарга кѳмѳктѳшкѳндѳй кырдаалда шайлоо кампаниясын уюштурууга жана ѳткѳрүүгѳ.

 

Биз шайлоо комиссияларынын мүчөлөрүн талапкерлер жана саясий партиялар менен өз ара аракеттенүү үчүн калыс жана ачык болууга, ал эми жалпыга маалымдоо каражаттарын- бурмалоолорго жана манипуляцияларга жол бербей, адилеттүү жана объективдүү болууга чакырабыз.

Ушул Меморандум кол коюлган учурдан тартып күчүнѳ кирет жана 2020-жылдын 4-октябрына дайындалган шайлоолордун натыйжалары белгилүү болгонго чейин колдонулат.

Бирдей юридикалык күчкө ээ болгон кыргыз жана орус тилдеринде Бишкек шаарында 2020-жылдын 4-сентябрында кол коюлду.

КР БШК маалымат бөлумү

Башка жаңылыктар

Баардык жаңылыктар
«Маариф» окуу жайында окуучулардын шайлоо боюнча билимин жогорулатууга багытталган жолугушуу өттү
10-Окт, 2026

«Маариф» окуу жайында окуучулардын шайлоо боюнча билимин жогорулатууга багытталган жолугушуу өттү

Бишкек шаарындагы «Маариф» окуу-билим берүү комплексинде 2026-жылдын 9-октябрында Кыргыз Республикасынын БШКсынын алдындагы Жарандык билим берүү жана шайлоо технологиялары борборунун өкүлдөрү 9-класстын окуучулары жана билим берүү мекемесинин жетекчилиги менен жолугушуу өткөрдү.Борбордун өкүлдөрү «Маариф» окуу-билим берүү комплексинин директору Мехмет Черчикая менен жолугушуп, кызматташуунун келечегин, ошондой эле жаш муунду тарбиялоо, окуучулардын укуктук жана шайлоо маданиятын жогорулатуу маселелерин талкуулашты.Жолугушууга Бишкек шаарынын мектептеринин Президенттер кеңешинин өкүлдөрү Ясин Мырсабеков жана Адинай Токтобекова да катышып, окуучуларга Мектеп президенттери кеңешинин келечектеги түзүмүн тааныштырышты.Иш-чара «Маариф» окуу-билим берүү комплексинин мектеп парламентинин Президентин шайлоонун алдында өттү. Аталган шайлоо 2026-жылдын 12-октябрында болот жана ага КР БШКсынын эксперттери шайлоону уюштуруу жана өткөрүү боюнча уюштуруучулук-методикалык жардам көрсөтүшөт: добуш берүү урналарын беришет, байкоочуларды тартууга көмөк көрсөтүшөт жана шайлоону уюштуруу жана өткөрүү маселелери боюнча консультациялык жардам беришет.Жолугушуунун программасына «Шайлоо жана жаштар» аттуу видеороликти көрсөтүү жана талкуулоо, №68 орто мектеби парламентинин президентинин сөзү, суроо-жооп сессиясы, ошондой эле «Шайлоо жөнүндө эмнени билем?» аттуу викторина кирди. Викторинанын жеңүүчүлөрү жана активдүү катышуучулары ЖБШТБ тарабынан эстелик байгелер менен сыйланышты. Иш-чарага жалпысынан 9-класстын 109 окуучусу катышты.Мындай жолугушууларды өткөрүү жаштардын шайлоо маданиятын жогорулатуу үчүн маанилүү. Мектеп партасынан баштап потенциалдуу шайлоочулар менен иштөө шайлоого аң-сезимдүү мамиле жасоону, ар бир добуштун баалуулугун түшүнүүнү жана өлкөнүн коомдук-саясий жашоосуна жоопкерчиликтүү катышууга даярдыкты калыптандырууга мүмкүндүк берет.
Кененирээк билүү >>
КР БШК төрагасы Тынчтык Шайназаров КР ТИМинин өкүлдөрү менен Кыргызстандын чет өлкөлөрдөгү жарандарынын добуш берүүсүн уюштуруу маселелерин талкуулады
09-Окт, 2026

КР БШК төрагасы Тынчтык Шайназаров КР ТИМинин өкүлдөрү менен Кыргызстандын чет өлкөлөрдөгү жарандарынын добуш берүүсүн уюштуруу маселелерин талкуулады

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасы Тынчтык Шайназаров бүгүн, 9-октябрда Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министринин орун басары Сейтек Жумакадыр уулу менен жолугушту.Жолугушууга ошондой эле КР БШК төрагасынын орун басары Лейла Лурова, КР ТИМинин Консулдук департаментинин кызматкерлери жана БШК аппаратынын кызматкерлери катышты.2027-жылдын 27-январына дайындалган Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоого даярдыктын алкагында чет өлкөлөрдө жүргөн Кыргыз Республикасынын жарандарынын шайлоо укуктарын камсыз кылуу маселелери талкууланды.Өзгөчө көңүл КР БШК менен КР ТИМинин чет өлкөлөрдөгү шайлоо участокторун түзүү жана аларды оптималдаштыруу, добуш берүүнү уюштуруу жана шайлоо участокторун техникалык жактан жабдуу, ошондой эле чет өлкөлөрдө жүргөн Кыргызстандын жарандарын алдыдагы шайлоого катышуу тартиби жөнүндө маалымдоо маселелери боюнча өз ара аракеттенүүсүнө бурулду.
Кененирээк билүү >>
Бишкек шаарындагы жана аймактардагы айрым шайлоо участокторунун схемаларына жана чек араларына өзгөртүү киргизилди
09-Окт, 2026

Бишкек шаарындагы жана аймактардагы айрым шайлоо участокторунун схемаларына жана чек араларына өзгөртүү киргизилди

Бүгүн, 9-октябрда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын жыйынында КР БШКнын 2025-жылдын 3-июлундагы № 33 “Кыргыз Республикасынын Баткен, Ош, Жалал-Абад, Талас, Чүй, Нарын жана Ысык-Көл облустарынын айрым жергиликтүү кеңештеринин аймактарындагы шайлоо участкаларынын схемаларын жана чек араларын бекитүү жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөр киргизилди.Мындан тышкары, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2025-жылдын 1-августундагы № 54 “Кыргыз Республикасынын Бишкек шаарынын аймагындагы шайлоо участкаларынын схемаларын жана чек араларын бекитүү жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөр киргизилди. Жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдарынын сунушуна ылайык, аталган токтом долбоорлорун кабыл алуунун негизги зарылчылыгы - көчө аталыштарынын өзгөрүшү, ошондой эле даректерди өзгөртүү аркылуу шайлоочулардын добуш берүүсү үчүн заманбап жана ыңгайлуу шарттарды түзүү болуп саналат.
Кененирээк билүү >>
Майыптыгы бар шайлоочулардын муктаждыктар картасы боюнча жобо бекитилди
09-Окт, 2026

Майыптыгы бар шайлоочулардын муктаждыктар картасы боюнча жобо бекитилди

Бүгүн, 9-октябрда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум боюнча борбордук комиссиясы өз жыйынында “Майыптыгы бар шайлоочулардын муктаждыктар картасы” автоматташтырылган маалыматтык тутуму жөнүндө жобону бекитти. Жобо аталган тутумдун укуктук статусун, иштөө тартибин, ошондой эле анын катышуучуларынын укуктарын, милдеттерин жана жоопкерчилигин аныктайт.Жаңы тутумдун алкагында майыптыгы бар шайлоочулардын муктаждыктарын бирдиктүү эсепке алуу жана дайындарды борборлоштурулган базага топтоо автоматташтырылат. “Түндүк” системасы аркылуу Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги менен ведомстволор аралык электрондук өз ара аракеттенүү камсыздалат. Ошондой эле шайлоо участокторунда жеткиликтүү инфратүзүмдүн абалын – пандустарды, Брайль ариби менен даярдалган материалдарды жана башка шарттарды - мониторинг жүргүзүү жана пландаштыруу мүмкүнчүлүгү кеңейтилет. Дайындарды иштетүү Кыргыз Республикасынын Санарип кодексинин талаптарына ылайык, жеке дайындардын купуялуулугун жана тутумдун санариптик туруктуулугун камсыз кылуу менен жүргүзүлөт.
Кененирээк билүү >>