БШК “Актив” партиясынан талапкерлердин тизмесин каттоодон баш тартты
03 сентября 2020
Бүгүн – 3-сентябрда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы өз жыйналышында “Актив” саясий партиясынан талапкерлердин тизмеси жөнүндө маселени карады.
2020-жылдын 4-октябрына дайындалган Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоодо саясий партиялардан документтерди кабыл алуу боюнча Жумушчу топ “Актив” саясий партиясынан келип түшкөн документтерди карап чыгып, “Актив” саясий партиясы көрсөткөн талапкерлердин тизмеси ”Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын талаптарына ылайык келбейт деген чечим чыгарды, атап айтканда:
1) талапкерлердин тизмесин аныктоодо саясий партия төмөнкүдөй өкүлчүлүктү эске алууга милдеттүү деген “”Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын” 60-беренесинин 3-бөлүгүнүн үчүнчү абзацынын талаптары сакталган эмес:
- бир жыныстагы талапкерлердин 70 пайыздан ашпоосу, мында саясий партиялардан көрсөтүлгөн аял жана эркек талапкерлердин тизмесиндеги кезектешүү айырмасы үч позициядан ашпоосу керек;
2) шайлоо күрөөсүн төккөндүгүн ырастоочу документти Борбордук шайлоо комиссиясына берүү боюнча “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 61-беренесинин 1-бөлүгүнүн 3-пунктунун талаптары сакталган эмес.
Жогоруда баяндалганды эске алып, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 61-беренесинин 7-бөлүгүнүн 1 жана -2-пункттарына ылайык “Актив” саясий партиясы көрсөткөн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкерлердин тизмесин каттоодон баш тартуу жөнүндө чечим кабыл алды.
КР БШК маалымат бөлүмү