«Мекеним Кыргызстан» саясый партиясынан жаңы ыйгарым укуктуу өкүл катталды
02 сентября 2020
КР БШКсы 2-сентябрдагы өзүнүн жыйынында “Мекеним Кыргызстан” саясый партиясынын ыйгарым укуктуу өкүлү Н. З. Мамытовдун каттоосун жокко чыгарып, анын ордуна Т. А. Токтакунованы жаңы ыйгарым укукутуу өкүл катары каттоо чечимин кабыл алды.
Мындай чечим 2020-жылдын 30-августтагы “Мекеним Кыргызстан” саясый партиясынын мурда дайындалган ыйгарым укуктуу өкүлүн чакыртып алып, анын ордуна жаңы ыйгарым укуктуу өкүл дайындоо жөнүндөгү билдирүүсүнүн негизинде кабыл алынды.
КР БШК Маалымат бөлүмү
