КР БШК мүчөлөрү Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына Нышанов Сайдулла Канболотовичти катташты

25 июня 2012

Бүгүн, 2012-жылдын 25-июнунда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын кезектеги жыйналышы болуп өттү. Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 73-беренесинин 3-бөлүгүнүн 1,3-пункттарына, “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” конституциялык Мыйзамынын 65-беренесинин 4-бөлүгүнүн 1, 6-пункттарына, “Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарынын статусу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 1-беренесинин 3-бөлүгүнүн 1-пунктуна, 3-беренесинин 1-бөлүгүнүн 1, 3-пункттарына, 2-бөлүгүнө, 5-беренесинин 1-бөлүгүнө ылайык, КР БШКнын мүчөлөрү Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына “Ата-Мекен” саясий партиясынан көрсөтүлгөн  Г.Дж.Бейшенбаеванын башка жумушка өткөндүгүнө байланыштуу ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө токтом кабыл алышты.

 “Ата-Мекен” социалисттик саясий партиясынын талапкерлердин тизмеси боюнча Нышанов Сайдулла Канболотович Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты болуп катталды.

 

Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын басма сөз кызматы