КМШ ПААнын 50дөн ашык эл аралык байкоочусу КР ЖКнын депутаттарын шайлоого байкоо жүргүзөт

27 августа 2020

2020-жылдын 26-августунда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын Төрагасы Н.К. Шайлдабекованын  КМШ Парламенттер аралык Ассамблеянын Кеңешинин Башкы катчысынын орун басары Н.А. Сатвалдиев менен жолугушуусу болду.

Жолугушуунун жүрүшүндө эл 2020-жылдын 4-октябрына дайындалган Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине шайлоону даярдоонун жана өткөрүүнүн жүрүшүнө  КМШ ПААнын эл аралык байкоо жүргүзүүсүнүн маселелери талкууланды.

КР БШК Төрагасы КМШ ПААнын өкүлүнө шайлоону даярдоонун жүрүшү тууралу маалымат берди. Н.К. Шайлдабекова 2020-жылы шайлоо коронавирус инфекциясынын пандемиясы шартында өтө тургандыгына байланыштуу эпидемияга каршы санитардык чаралар көрүлүп жатканын белгиледи.

Н.А. Сатвалдиев учурда КМШ ПААнын өлкөлөрүнөн эл аралык байкоочулардын тобу түзүлүп жатканы, ага КМШ ПААнын мамлекет-катышуучуларында демократияны өнүктүрүү, парламентаризм жана шайлоо укуктарынын сакталышына байкоо жүргүзүү эл аралык институтунун эксперттери дагы кирери тууралу билдирди.

Узак мөөнөттүү байкоо жүргүзүүнүн алкагында негизинен КМШ өлкөлөрүнүн парламенттеринин депутаттары болуп саналган эл аралык байкоочулар Кыргыз Республикасынын региондоруна барышат, аймактык жана участоктук шайлоо комиссияларынын иши менен таанышат, саясий партиялардын, мамлекеттик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өкүлдөрү менен жолугушат.

Ошондой эле КМШ ПААнын байкоочулары Санкт-Петербург, Москва, Минск жана Баку шаарларындагы Кыргызстандын чет өлкөлөрдөгү участоктук шайлоо комиссияларынын ишине байкоо жүргүзөт.

Маалымат үчүн: 2015-жылы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарынын шайлоодо КМШ ПААдан 32 эл аралык байкоочу байкоо жүргүзгөн. 2016-жылы жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоодо жана “Кыргыз Республикасынын Конституциясына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Мыйзам долбоору боюнча референдумда  КМШ ПААдан – 26, 2017-жылы 15-октябрда Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоодо 24 эл аралык байкоочу болгон.