БШК Ноокат районундагы бир шайлоо участогунун дарегин өзгөрттү

27 августа 2020

КР БШКсы 27-августтагы жыйынында Ош облусунун Ноокат районундагы Н. Исанов айылдык аймагындагы №5569-шайлоо участогунун дарегин өзгөртүү чечимин кабыл алды.

Бул чечим “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо жөнүндөгү” КР конституциялык мыйзамынын 13-беренесинин 4-бөлүгүнө, “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдумдарды өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндөгү” КР мыйзамынын 7-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2-4-бөлүктөрүнө ылайык жана Ноокат аймактык шайлоо комиссиясынын кайрылуусунун негизинде кабыл алынды.

БШК Ош облусундагы Ноокат районунун Н. Исанов айылдык аймагындагы №5569-шайлоо участогунун дарегин өзгөртүү боюнча токтом кабыл алды: Жаңы-Базар айылындагы Н. Исанов көчөсү 34төгү Н. Исанов атындагы айыл өкмөтүнүн имаратынан, ошол эле айылдагы Н. Исанов көчөсүндөгү М. Ломоносов атындагы орто мектептин имаратына которулду.

КР БШК Маалыматтык бөлүм