Боршайком Кара-Суу аймактык шайлоо комиссиясынын курамына жана резервине өзгөртүүлөрдү киргизди
27 августа 2020
КР Шайлоо жана референдумду өткөрүү боюнча шайлоо комиссиясы 27-августтагы жыйынында, “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана рефрендумду өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндөгү” КР мыйзамынын 7-18-19-22-беренелерине, “Жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу жөнүндөгү” КР мыйзамынын 1-21-беренелеринин биринчи бөлүмүнүн 4-пункту боюнча, 2011-жылдын 18-октябрында КР БШКсы №375-токтому менен бекиткен “Шайлоо комиссияларын түзүү жана резервин алып баруунун тартиби жөнүндөгү” Жобого ылайык Кара-Суу аймактык шайлоо комиссиясынын сунуштамасынын негизинде, Кара-Суу аймактык шайлоо комиссиясынын курамына жана резервине өзгөртүүлөрдү киргизди.
БШК комиссия курамынан “Замандаш” саясый партиясынан Ибадулла Халиуллаевич Хамиджановду чыгарып, комиссия курамына резервдеги Майрамбек Хакимжанович Абдурасуловду – жергиликтүү башкаруунун өкүлчүлүктүү органынын өкүлүн киргизди.
КР БШК Маалыматтык бөлүмү
