Башкы Жаңылыктар Бишкек аймактык шайлоо комиссиясынын Бишкек шаарынын шайлоочуларына, саясий …

Бишкек аймактык шайлоо комиссиясынын Бишкек шаарынын шайлоочуларына, саясий партияларга, жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун өкүлчүлүктүү органына, коомдук уюмдарга жана коммерциялык эмес уюмдарга КАЙРЫЛУУСУ

12-Июн, 2012

Урматтуу шайлоочулар жана саясий партиялардын өкүлдөрү!

2012-жылдын 25-апрелинде Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын № 63 токтому жана 2012-жылдын 8-июнундагы № 5 чечими менен участкалык шайлоо комиссиялардын (УШК) жаңы курамдарын түзүү жөнүндө чечим кабыл алынган.

2012-жылдын 12-июнунан тартып участкалык шайлоо комиссиялардын курамдарына жана резервтерине саясий партиялардан, жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун өкүлчүлүктүү органынан – Бишкек шаардык кеңешинен өкүлдөрдү  көрсөтүү башталат.

Эч качан болбогондой, бүгүн шайлоо тутумун реформалоо алкагында шайлоону даярдоодо жана уюштурууда бардык деңгээлдеги комиссиялардын мүчөлөрүнүн ролу өтө маанилүү. Андыктан, бардык шайлоо процессине карата элдин ишениминин деңгээли алардын иш-аракеттерине жараша болмокчу.

Участкалык комиссиялардын курамында иштөө, адамдар менен калыс, адилет жана абийирдүү  иштей билүүнү талап кылгандыгы менен жооптуу, бул комиссиянын мүчөлөрүнүн жарандардын шайлоо укуктарын жүзөгө ашырууну жана коргоону камсыз кылууда жоопкерчилигин жогорулатууга мүмкүнчүлүк түзөт.

Саясий партиялар, жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун өкүлчүлүктүү органы – Бишкек шаардык кеңеши  участкалык комиссиянын түзүүдө жарандарды комиссияга көрсөтүү учурунда алардын макулдугун эске алуулары  зарыл.

Көрсөтүү субүектилер шайлоо комиссиянын мүчөлүгүнө талапкердин эреже катары тийиштүү калктуу пунктун аймагында жашаш керек экендигин  эске алуулары  зарыл.

Участкалык шайлоо комиссиясынын курамына жарандардын чогулушунан, коомдук бирикмелерден көрсөтүү жөнүндө протоколдор чогулуштун төрагасынын жана катчысынын колтамгасы менен күбөлөндүрүлүшү керек.

Протоколго жашаган жери көрсөтүлгөн  жана кол тамгалары коюлган чогулушка катышкандардын тизмеси тиркелиши  тийиш. Саясий партиялардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун өкүлчүлүктүү органынын протоколуна – төмөнкүлөр тиркелет:

- участкалык комиссиялардын курамында иштөөгө макулдугу жөнүндө арызы жана Кыргыз Республикасынын шайлоо мыйзамдарынын ченемдерин сактоо жөнүндө милдеттенмеси;

-  паспортунун көчүрмөсү.

-  иштеген, окуган жерин, билимин көрсөтүү менен өмүр баянына тиешелүү маалыматтары;

-  байланышуу маалыматтары: жашаган жеринин дареги, телефону.

Участкалык комиссиянын курамына талапкерлерди көрсөтүүнүн шарттары жана тартиби тууралуу кененирээк Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын www.shailoo.gov.kg расмий сайтында жайгаштырылган “Шайлоо комиссияларын түзүүнүн жана таркатуунун тартиби жөнүндө” Жободон билсеңер болот.

Участкалык шайлоо комиссиялардын курамына саясий партиялардан талапкерлерди көрсөтүү жөнүндө протоколдор 2012-жылдын 25-июнунун саат 18-00 чейин Бишкек аймактык шайлоо комиссиясында кабыл алынат.

Участкалык шайлоо комиссиялардын курамына жарандардын чогулушунан, коомдук уюмдардан талапкерлерди көрсөтүү жөнүндө протоколдор 2012-жылдын 25-июнунун саат 18-00 чейин Бишкек шаардык кеңеште кабыл алынат.

Сурап-билүү телефону:Бишкек шаардык кеңеши  61-34-65, 62-26-27

Сурап-билүү телефону: Бишкек АШКсы             62-08-24, 62-08-29


Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы

Башка жаңылыктар

Бардык жаңылыктар
Аймен Касенов Кыргыз Республикасынын Президенттигине талапкерлигин көрсөтүү жөнүндө арыз менен КР БШКга кайрылды
14-Окт, 2026

Аймен Касенов Кыргыз Республикасынын Президенттигине талапкерлигин көрсөтүү жөнүндө арыз менен КР БШКга кайрылды

Бүгүн, 14-октябрда, Касенов Аймен Абдыталипович Кыргыз Республикасынын Президенттигине өзүн-өзү көрсөтүү тартибинде талапкерлигин көрсөтүү жөнүндө арыз менен Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына кайрылды. Эске салсак, Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоодо талапкерлерди көрсөтүү мөөнөтү 2026-жылдын 13-ноябрына чейин белгиленген.
Кененирээк билүү >>
Урматтуу жалпыга маалымдоо каражаттарынын жана интернет-басылмалардын өкүлдөрү!
13-Окт, 2026

Урматтуу жалпыга маалымдоо каражаттарынын жана интернет-басылмалардын өкүлдөрү!

Аккредитациялоо үчүн арыздарды кабыл алуу эртең, 2026-жылдын 14-октябрында, аяктайт.Бул - акыркы күн! Шашылыңыздар!Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоо алдындагы үгүткө катышуу үчүн аккредитациялоо “Шайлоолордо ЖМКларды аккредитациялоо”  автоматташтырылган маалыматтык тутуму https://accreditation.srs.kg/ аркылуу жүргүзүлүүдө.Байланыш телефону: 0557 261994, 0312 665452
Кененирээк билүү >>
КР БШК төрагасы Тынчтык Шайназаров КР ТИМинин өкүлдөрү менен Кыргызстандын чет өлкөлөрдөгү жарандарынын добуш берүүсүн уюштуруу маселелерин талкуулады
09-Окт, 2026

КР БШК төрагасы Тынчтык Шайназаров КР ТИМинин өкүлдөрү менен Кыргызстандын чет өлкөлөрдөгү жарандарынын добуш берүүсүн уюштуруу маселелерин талкуулады

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасы Тынчтык Шайназаров бүгүн, 9-октябрда Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министринин орун басары Сейтек Жумакадыр уулу менен жолугушту.Жолугушууга ошондой эле КР БШК төрагасынын орун басары Лейла Лурова, КР ТИМинин Консулдук департаментинин кызматкерлери жана БШК аппаратынын кызматкерлери катышты.2027-жылдын 27-январына дайындалган Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоого даярдыктын алкагында чет өлкөлөрдө жүргөн Кыргыз Республикасынын жарандарынын шайлоо укуктарын камсыз кылуу маселелери талкууланды.Өзгөчө көңүл КР БШК менен КР ТИМинин чет өлкөлөрдөгү шайлоо участокторун түзүү жана аларды оптималдаштыруу, добуш берүүнү уюштуруу жана шайлоо участокторун техникалык жактан жабдуу, ошондой эле чет өлкөлөрдө жүргөн Кыргызстандын жарандарын алдыдагы шайлоого катышуу тартиби жөнүндө маалымдоо маселелери боюнча өз ара аракеттенүүсүнө бурулду.
Кененирээк билүү >>
Бишкек шаарындагы жана аймактардагы айрым шайлоо участокторунун схемаларына жана чек араларына өзгөртүү киргизилди
09-Окт, 2026

Бишкек шаарындагы жана аймактардагы айрым шайлоо участокторунун схемаларына жана чек араларына өзгөртүү киргизилди

Бүгүн, 9-октябрда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын жыйынында КР БШКнын 2025-жылдын 3-июлундагы № 33 “Кыргыз Республикасынын Баткен, Ош, Жалал-Абад, Талас, Чүй, Нарын жана Ысык-Көл облустарынын айрым жергиликтүү кеңештеринин аймактарындагы шайлоо участкаларынын схемаларын жана чек араларын бекитүү жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөр киргизилди.Мындан тышкары, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2025-жылдын 1-августундагы № 54 “Кыргыз Республикасынын Бишкек шаарынын аймагындагы шайлоо участкаларынын схемаларын жана чек араларын бекитүү жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөр киргизилди. Жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдарынын сунушуна ылайык, аталган токтом долбоорлорун кабыл алуунун негизги зарылчылыгы - көчө аталыштарынын өзгөрүшү, ошондой эле даректерди өзгөртүү аркылуу шайлоочулардын добуш берүүсү үчүн заманбап жана ыңгайлуу шарттарды түзүү болуп саналат.
Кененирээк билүү >>