Алакунов Нурбек Үмөтович  Талды-Суу айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайланды

25 августа 2020

Бүгүн, 2020-жылдын 25-августунда, Нарын облусунун Ат-Башы районундагы Талды-Суу айыл ѳкмѳтүнүн башчысын шайлоо болуп ѳттү.

Талды-Суу айыл ѳкмѳтүнүн башчысынын кызмат ордуна 1 талапакер - Алакунов Нурбек Үмөтович  айылдык кеңештин депутаттар тобу тарабынан кѳрсѳтүлгѳн жана катталган.

Талды-Суу айыл ѳкмѳтүнүн башчысын шайлоого Талды-Суу айылдык кеңешинин бардык 11 депутаты катышты. Ат-Башы аймактык шайлоо комиссиясынын добуш берүүнүн жыйынтыктары тууралуу 2020-жылдын                   25-августундагы протоколуна ылайык, жашыруун добуш берүүнүн натыйжасы боюнча талапкер Н.У. Алакунов 11 добуш алышкан, «бардык талапкерге каршы» позициясына 0 депутат добуш берген.

2020-жылдын 25-августундагы шайлоонун натыйжасы жѳнүндѳ протоколго ылайык Алакунов Нурбек Үмөтович Талды-Суу айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайланды деп таанылды.