Башкы Жаңылыктар Мобилдик топтор чет өлкөлөрдөгү жарандарга шайлоо укуктарын ишке …

Мобилдик топтор чет өлкөлөрдөгү жарандарга шайлоо укуктарын ишке ашырууга көмөктөшөт

25-Авг, 2020

Чет өлкөлөрдө жашаган же жүргөн жарандарга шайлоо укуктарын ишке ашырууга көмөктөшүүчү мобилдик топтор иштей баштады.

2020-жылдын 4-октябрына дайындалган Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоого даярдануу жана аны өткөрүү алкагында Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматы менен өз ара аркеттешип, мобилдик топторду түздү. Бул демилге БУУӨПтүн, Миграция боюнча эл аралык уюмдун, Германия Өкмөтүнүн колдоосу менен ишке ашырылууда.

Мобилдик топтор алдыдагы парламенттик шайлоону уюштуруу боюнча маалыматтык-түшүндүрүү иштерин, анын ичинде жарандарды шайлоочулардын тизмелерине киргизүү, чет өлкөлөрдө түзүлгөн шайлоо участокторунун даректерине жана санына байланыштуу маселелер,  жарандарды консулдук эсепке коюу,  биометрикалык каттоо боюнча иштерди жүргүзөт.

«Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» конституциялык Мыйзамдын талаптарына ылайык шайлоо участоктору аккредитациялаган өлкөнүн тиешелүү компетенциялуу органдары менен макулдашуу боюнча Тышкы иштер министрлигинин сунушу боюнча дипломатиялык өкүлчүлүктөрдүн, консулдук мекемелердин жана мамлекеттик органдардын чет өлкөдөгү өкүлчүлүктөрүнүн аймагында түзүлөт.

Өлкөнүн чегинен тышкары жерлерде жашаган же жүргөн КР жарандарынын шайлоо мүмкүнчүлүктөрүн арттыруу үчүн чет өлкөлөрдө 44 шайлоо участогу, анын ичинде Россия Федерациясынын Иркутск, Сургут, Түштүк Сахалин, Якутск шаарларында, ошондой эле Италияда жана Францияда шайлоо участоктору биринчи жолу ачылды.

Мобилдик топтордун ишин мурдатан баштоо мерчемделген, бирок пандемия шартында авиа каттамдар жабылгандыктан, ал иш чет өлкөлөргө чыгуу рейстер ачылганына жараша уюштурулмакчы. Алгачкы жолугушуулар Түркия Республикасынын Бурса, Измир, Бодрум шаарларында өттү. Жуманын аягына чейин мобилдик топтор Антальяда, Анкарада жана Стамбулда болушат. Жакын арада мобилдик топтордун Россия Федерациясынын шаарларына баруусу мерчемделүүдө.

Биометрикалык каттоодон өткөн жана жакын жайгашкан дипломатиялык өкүлчүлүктө же консулдук мекемеде консулдук эсепке турган Кыргыз Республикасынын жараны автоматтык түрдө шайлоочулардын тизмесине киргизилери жөнүндө кыргызстандыктарга маалымдалууда. https://shailoo.gov.kg/ru/konstitucionnye-zakony-kr/konstitucionnye-zakony-kr/O_vyborah_Pr-1913/

Консулдук эсепке коюу үчүн жаран чет өлкөдөгү мекемеге жеке өзү келип же Кыргыз Республикасынын чет өлкөдөгү мекемесинин расмий электрондук дарегине же КР ТИМдин – https://mfa.gov.kg порталындагы «Консулдук эсеп» электрондук маалымат системасы аркылуу документтерди жөнөтүү менен документтердин пакетин берүүсү керек.

Консулдук эсепке коюу үчүн консулдук жыйым алынбайт.

Жарандарды шайлоочулардын тизмесине киргизүү жөнүндө маалыматты  «Тизме»  мамлекеттик порталында (http://www.tizme.gov.kg) же шайлоо мезгилинде Кыргыз Республикасынын дипломатиялык өкүлчүлүктөрүнүн, консулдук мекемелеринин аймагындагы шайлоо участокторунда тактоого мүмкүн.






 

КР БШК маалымат бөлүмү 

 

Башка жаңылыктар

Бардык жаңылыктар
КР БШКсы жана Бишкек мэриясы жаштардын жарандык активдүүлүгүн жана укуктук маданиятын жогорулатуу үчүн аракеттерин бириктирет
28-Окт, 2026

КР БШКсы жана Бишкек мэриясы жаштардын жарандык активдүүлүгүн жана укуктук маданиятын жогорулатуу үчүн аракеттерин бириктирет

Бүгүн, 28-октябрда, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын алдындагы Жарандык билим берүү жана шайлоо технологиялары борборунун өкүлдөрү Бишкек шаарынын мэриясынын Дене тарбия жана спорт, туризм жана жаштар менен иштөө департаментинин өкүлдөрү, ошондой эле мектеп президенттери менен жумушчу жолугушуу өткөрүштү.Иш-чарага Департаменттин директорунун орун басары Рустам Алишеров, уюштуруу, укуктук жана кадрдык иштер бөлүмүнүн башчысы Улукбек Муратбеков, Департаменттин алдындагы Жаштар иштери боюнча консультативдик кеңештин төрагасы Данияр Бекишов, ошондой эле Бишкек шаарынын активисттери Ясин Мырсабеков жана Адинай Токтобекова катышты.Жолугушуунун жүрүшүндө жаш муундун жарандык активдүүлүгүн жана укуктук маданиятын жогорулатуу багытында өз ара аракеттенүү маселелери, ошондой эле КР БШКнын алдындагы Жарандык билим берүү жана шайлоо технологиялары борбору менен Департаменттин ортосунда кызматташтык жөнүндө меморандумга кол коюу пландары талкууланды.Бул меморандум жетишилген макулдашууларды бекемдөөгө жана жарандык билим берүү, жаштар менен иштөө багыттарында мындан аркы биргелешкен кызматташтык үчүн укуктук негиз түзүүгө мүмкүндүк берет.Жолугушуунун катышуучулары биргелешкен аракеттер жаштарды коомдук-саясий турмушка тартуунун натыйжалуу механизмдерин түзүүгө, ошондой эле мектеп окуучуларынын жана жаштардын жарандык активдүү позициясын калыптандырууга өбөлгө түзөрүнө ишеним билдиришти.
Кененирээк билүү >>
Сыймык Жапыкеев Кыргыз Республикасынын Президенттигине талапкерлигин көрсөтүү жөнүндө арыз менен КР БШКга кайрылды
28-Окт, 2026

Сыймык Жапыкеев Кыргыз Республикасынын Президенттигине талапкерлигин көрсөтүү жөнүндө арыз менен КР БШКга кайрылды

Бүгүн, 28-октябрда, Жапыкеев Сыймык Асылбекович Кыргыз Республикасынын Президенттигине өзүн-өзү көрсөтүү тартибинде талапкерлигин көрсөтүү жөнүндө арыз менен Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына кайрылды. Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоодо талапкерлерди көрсөтүү жөнүндө арыз менен кайрылуу 2026-жылдын 12-ноябрында, саат 24:00дө аяктайт.
Кененирээк билүү >>
Азамат Эсенбеков Кыргыз Республикасынын Президенттигине талапкерлигин көрсөтүү жөнүндө арыз менен КР БШКга кайрылды
27-Окт, 2026

Азамат Эсенбеков Кыргыз Республикасынын Президенттигине талапкерлигин көрсөтүү жөнүндө арыз менен КР БШКга кайрылды

Бүгүн, 27-октябрда, Эсенбеков Азамат Эсенбекович Кыргыз Республикасынын Президенттигине өзүн-өзү көрсөтүү тартибинде талапкерлигин көрсөтүү жөнүндө арыз менен Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына кайрылды. Эске салсак, Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоодо талапкерлерди көрсөтүү мөөнөтү 2026-жылдын 13-ноябрына чейин белгиленген.
Кененирээк билүү >>
КР БШКнын өкүлдөрү Жалал-Абад облусунда шайлоого даярдык көрүү маселелерин талкуулашты
22-Окт, 2026

КР БШКнын өкүлдөрү Жалал-Абад облусунда шайлоого даярдык көрүү маселелерин талкуулашты

2026-жылдын 21–22-октябрында Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары Русланбек Жакышов жана БШК мүчөсү Бөдөш Мамырова Жалал-Абад облусунун Манас шаарында, Ноокен, Базар-Коргон, Аксы жана Ала-Бука райондорунда жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилери, укук коргоо органдарынын өкүлдөрү жана шайлоо комиссияларынын мүчөлөрү менен жумушчу жолугушууларды өткөрүштү.Жолугушуулардын жүрүшүндө 2027-жылдын 27-январына белгиленген Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоого даярдык көрүү, шайлоо процессин мыйзам талаптарына ылайык уюштуруу жана тиешелүү мамлекеттик жана муниципалдык органдардын өз ара аракеттенүүсүн камсыз кылуу маселелери каралды.БШК төрагасынын орун басары Русланбек Жакышов Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоодогу жаңы талаптар, шайлоо мыйзамдарына киргизилген өзгөртүүлөр, жаңыланган шайлоо технологиялары жана талапкерлерди колдоо тартибинин өзгөчөлүктөрү тууралуу кеңири баяндама жасады. Мындан тышкары, шайлоону даярдоо жана өткөрүүдө мамлекеттик бийлик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын милдеттерине жана жоопкерчилигине токтолду. Ал эми укук коргоо органдарынын өкүлдөрү менен болгон талкууда шайлоо мыйзамдарынын бузулушуна жол бербөө, шайлоочуларга жана шайлоо процессинин башка катышуучуларына мыйзамсыз кысым көрсөтүү аракеттерин алдын алуу, шайлоо процессине мыйзамсыз кийлигишүүгө бөгөт коюу жана коопсуздукту камсыз кылуу маселелери белгиленди.Жарандардын шайлоо укуктарын толук ишке ашыруусуна шарт түзүү, шайлоо процессинин бардык этаптарында мыйзам талаптарын так сактоо, шайлоочулардын укуктары менен эркиндиктерин коргоо - маанилүү багыттардын бири.
Кененирээк билүү >>