КР БШК мүчөсү Назарали Арипов өз ыйгарым укуктарын токтотту
24 августа 2020
Назарали Арипов Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын мүчөсүнүн ыйгарым укуктарын токтотту.
Мындай чечимди ал «Республика» саясий партиясынын тизмеси боюнча Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер боло тургандыгына байланыштуу кабыл алган.
КР БШКнын 24-августтагы жыйналышында Н.Арипов эми мурдагы кесиптеш болуп калган кесиптештерине чогуу иштешкени үчүн ыраазычылыгын билдирди.
КР БШК маалымат бөлүмү
