Кадыров Рысбек Он-Арча айыл өкмөтүнүн башчысы болуп дайындалды

24 августа 2020

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 24-августтагы жыйналышында Нарын облусунун Нарын районунун Он-Арча айыл өкмөт башчысын шайлоонун жыйынтыктарын бекитти.

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2020-жылдын 30-июлундагы №147 токтому менен дайындалган шайлоо 2020-жылы 17-августунда болуп өттү.

Добуш берүүгө Он-Арча айылдык кеңешиндеги 11 депутаттын 9 депутаты катышып, Р.З. Кадыров 9 добуш алган, “бардык талапкерлерге каршы” позициясына добуш берилген эмес.

Нарын облусунун Нарын районунун Он-Арча айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыгына жана шайлоонун натыйжасына арыз, даттануулар түшкөн жок.

Маалымат үчүн:

Кадыров Рысбек Зарлыкович,  1985-ж. 11.01 туулган, Кыргыз Республикасынын жараны. Улуту – кыргыз. Жашаган жери – Нарын району, Эчки Башы айылы. Үй-бүлөлүк абалы – үйлөнгөн.

Он-Арча айыл өкмөтүнүн шайланган башчысынын жалпы стажы – 13 жыл, 2006-2019-жылдары КР ИИМде иштеген.

Жогорку билимдүү: Кыргыз Республикасынын милициянын генерал-майору Э.А. Алиев атындагы Академиясын (юриспруденция адистиги боюнча) бүтүргөн.

Р.З. Кадыров “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 48-беренесинин талаптарына ылайык келет.

 

 

КР БШК маалымат бөлүмү