БШК ЖК депутаты Зиядин Жамалдиновдун ыйгарым укуктарын токтотту

24 августа 2020

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы бүгүн – 24-августта өз жыйналышында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты, “Өнүгүү-Прогресс” парламенттик фракциясынын мүчөсү Жамалдинов Зиядин Исламовичтин ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө чечим кабыл алды.

Чечим “Өнүгүү-Прогресс” парламенттик фракциясынан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Жамалдинов Зиядин Исламовичтин ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө келип түшкөн жеке арызынын негизинде, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 73-беренесинин 3-бөлүгүнүн 1-пунктуна, “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 65-беренесинин 4-бөлүгүнүн 1-пунктуна, “Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатынын статусу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын  3-беренесинин 1-бөлүгүнүн 1-пунктуна, 2-бөлүгүнө ылайык кабыл алынды.

Депутат Жамалдинов Зиядин Исламовичдин күбөлүгү анык эмес деп табылды.

КР БШК маалымат бөлүмү