“Улуу Журт” саясий партиясы шайлоого катышуудан баш тартуу жөнүндө билдирди
21 августа 2020
2020-жылдын 4-октябрына дайындалган КР Жогорку Кеңешине депутаттарды шайлоого катышпай жана ыйарым укуктуу өкүлдөрүн чакыртып ала тургандыгы тууралуу БШКга “Улуу Журт” саясый партиясы билдирди.
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук шайлоо комиссиясы 21-августтагы жыйынында, “Кыргыз Республикасынын президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине депутаттарды шайлоо жөнүндө” конституциялык мыйзамдын 19-беренесин, “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” КР мыйзамынын 18-7-беренелерин жетекчиликке алуу менен, партиянын билдирүүсүн эске алуу чечимин кабыл алды.
“Улуу Журт” саясый партиясынын ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн каттоосу жокко чыгарылды, алардын каттоо күбөлүктөрү жараксыз деп табылды.
