БШК жергиликтүү кеңештердин эки депутатынын ыйгарым укуктарын токтотту
21 августа 2020
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 21-августтагы жыйналышында Аксы жана Баткен аймактык шайлоо комиссияларынын жергиликтүү кеңештердин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жана бош калган мандаттарды шайланган депутаттардан кийинки Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттыгына талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндө чечимдерин бекитти.
Чечимдер Аксы жана Баткен аймактык шайлоо комиссиялары тарабынан “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамынын 20-беренесине, “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамынын 3-беренесине, “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамынын 52-беренесине ылайык кабыл алынган.
Аксы жана Баткен аймактык шайлоо комиссияларынын жергиликтүү кеңештердин төмөнкү депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө чечимдери бекитилди:
- Кара-Суу айылдык кеңеши, Аксы району, Жалал-Абад облусу – Ормоналиев Эсеналы Касымалиевич жеке арызынын негизинде. Анын ордуна мандат убактылуу иштебеген Алымкулов Аскаралы Анарбаевичке өткөрүп берилди.
- Кыштут айылдык кеңеши, Баткен району, Баткен облусу – Момунов Байназар Койчуевич жеке арызынын негизинде. Анын ордуна мандат Маматкулов Кайратбек Идирисовичке өткөрүп берилди.
КР БШК маалымат бөлүмү
