Ноокен, Баткен жана Кызыл-Кыя АШК курамына жана резервине өзгөртүүлөр киргизилди
21 августа 2020
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 21-августтагы жыйналышында Ноокен, Баткен жана Кызыл-Кыя аймактык шайлоо комиссияларынын курамына жана резервине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө токтом кылды.
Жалал-Абад облусунун Ноокен аймактык шайлоо комиссиясынын курамына жашаган жерин алмаштырган Ч.А. Шеркулованын (“Бүтүн Кыргызстан” саясий партиясынан) ордуна резервден жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан Т.Г. Дуйшеев киргизилди.
Баткен облусунун Баткен аймактык шайлоо комиссиясынын курамына КР ЖК депутаттарын шайлоодо талапкер катары катышып жаткан З.Ы. Шерматовдун (“Бүтүн Кыргызстан” саясий партиясынан) ордуна резервден жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан Ж.А. Талиев киргизилди.
АШКнын жыйналыштарына катышпаганына байланыштуу “Кыргызстан” саясий партиясынан М.П. Карабаев Баткен облусунун Кызыл-Кыя аймактык шайлоо комиссиясынын курамынан чыгарылды.
