Башкы Жаңылыктар Саясый партиялардын КР ЖК депутаттыгына талапкерлердин тизмесин көрсөтүүсү …

Саясый партиялардын КР ЖК депутаттыгына талапкерлердин тизмесин көрсөтүүсү аяктады

20-Авг, 2020

2020-жылдын 19-августунда КР Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкерлердин тизмесин саясый партиялардын көрсөтүүлөрү соңуна чыкты. Мурда кабарлангандай, парламенттик шайлоого катыша турган ниетин 44 партия билдиришкен.

Талапкерлерди көрсөтүү мөөнөтү аяктап калган убакта өз сьезддерин өткөрүп анда талапкерлеринин тизмесин 23 партия бекитти. Ал эми 10 партия парламенттик шайлоонун мындан аркы иштерине катышпай тургандыгын БШКга оозеки билдиришкен. Тогуз партия болсо мындан аркы шайлоого катышпай тургандыгын БШКга расмий кабарлашты. Бир партия болсо мындан аркы шайлоо кампаниясына катыша тургандыгы же катышпай тургандыгы боюнча кабар берген жок. 

11 саясый партия КР БШКга сьезд өткөрө тургандыктары боюнча расмий кабар айтышып, Боршайкомдун өкүлдөрү аларга катышты. БШК өкүлдөрү катышкан сьезддерде талапкерлердин тизмесин бекитүүдөгү жашыруун добуш берүү же кандайдыр бир башка процедуралар бузулгандыгы катталган жок. Партиялар жалпысынан сьезддерди өткөрүүдө Республикалык штабдын жарандардын ден соолугун коргоо жана санитардык-эпидемиологиялык талаптарды сактоо боюнча сунуштарды сакташты.

Эми партиялар 24-августтун саат 18:00нө чейин БШКга документтердин пакетин тапшыруулары зарыл. Бул мындай документтер:

1) саясый партиянын жетекчисинин колтамгасы, мөөрү коюлуп, талапкерлердин тизмесин көрсөткөндүгү боюнча саясый партиянын чечими;

2) тизмеге кирген талапкердин биографиялык жана башка маалыматын көрсөтүп өз колу менен толтурулган атайын формасы, паспортунун көчүрмөсү, иштеген же окуган жеринен маалымдама, башка мамлекеттин жарандыгына ээ эместиги боюнча маалымат, соттуулугу жөнүндө, башка өлкөнүн жарандыгы бар же жок экендиги боюнча (анын ичинде мурдагы жарандыгы, башка жарандуулугу) персоналдуу маалыматтарды иштеп чыгууга кат түрүндөгү макулдугу;

3)   шайлоо күрөөсүн кошкондугун күбөлөгөн документ.

Талапкерлердин тизмеси жана талапкер жөнүндөгү маалыматтар БШК бекиткен форма боюнча кагаз түрүндө да, электрондук вариантта берилиши керек. Бул быйылкы шайлоодогу жаңылык. Маалыматтар “Электрондук кандидат” программасына киргизилип, бул шайлоочулар үчүн электрондук маалымат базасын түзүүгө жардам берет.    

Мындан тышкары БШК ала турган электрондук маалыматтар мекемелер аралык өз ара аракеттенүүнүн электрондук системасы “Түндүк” үчүн жыйналат, анткени бардык зарыл маалыматтарды байланышсыз, обьективдүү форматта текшерүү үчүн керек. 

Ошонун ичинде “Түндүк” системасы аркылуу Мамкаттоо кызматынын маалыматтар базасында турган паспорт тууралуу маалымат, ИИМ менен да тиешелүү иштешүүдөн соң талапкерлердин соттуулугу жөнүндө маалымат текшерилет. Система саясый партиялардын талапкерлеринин тизмесин тапшыруу процедурасын жеңилдетет.

Башка жаңылыктар

Баардык жаңылыктар
Бишкекте жаш тренерлерди жарандык катышууга жана шайлоо процесстерине даярдоо программасынын жыйынтыгы чыгарылды
07-Окт, 2026

Бишкекте жаш тренерлерди жарандык катышууга жана шайлоо процесстерине даярдоо программасынын жыйынтыгы чыгарылды

Бүгүн, 7-октябрда Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясында жаш тренерлерди жарандык катышууга жана шайлоо процесстерине даярдоо программасынын (Civic Trainers Lab) жыйынтыктоочу жолугушуусу өттү. Долбоордун уюштуруучулары - КР БШКнын Жарандык билим берүү жана шайлоо технологиялары борбору жана ЕККУнун Бишкектеги Программалык кеңсеси, ошондой эле «Жаштарды өнүктүрүү институту» коомдук бирикмесинин колдоосу менен өткөрүлдү. Иш-чарага өлкөнүн жети аймагынан келген программанын эки агымынын бүтүрүүчүлөрү - жаш тренерлер катышты.Катышуучуларга КР БШК төрагасынын орун басары Лейла Лурова, КР БШКнын ЖБББнын директору Анара Бейшембаева, ЕККУнун Бишкектеги Программалык кеңсесинин өкүлү жана ЖӨИнин директору Элизар Тилебалды уулу куттуктоо сөздөрү менен кайрылышты.Жаш тренерлерди даярдоо программасынын негизги окуялары жана жыйынтыктары, окутуу раунддарынын жана практикалык фазанын жыйынтыктарын, анын ичинде камтылган географияны, өткөрүлгөн каскаддык тренингдердин саны менен ЖӨИнин өкүлү Адельфия Аманкулова тааныштырды.КР БШКнын Маалыматтык-коммуникациялык технологиялар башкармалыгынын башчысы Аскар Акимбаевдин шайлоо процессиндеги заманбап санариптик инструменттерге арналган, ошондой эле КР Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин өкүлү Бакай Кожомкул уулунун катышуучуларды мамлекеттик жаштар саясатынын багыттары жана аймактардагы жаштардын жарандык катышуу механизмдери менен тааныштырган конок лекциялары өттү.«Окутуудан практикага: эмне реалдуу иштеп кетти?» аттуу интерактивдүү сессияда катышуучулар аймактык кейстерди сунуштап, натыйжалуу усулдарды, тоскоолдуктарды талкуулашты жана биргелешкен «Жарандык тренерлер лабораториясынын тажрыйба картасын» түзүштү.Катышуучулар жана уюштуруучулар жаш тренерлердин КР БШК алдындагы ЖБББ жана мамлекеттик түзүмдөр менен кызматташуу форматтарын талкуулашты.
Кененирээк билүү >>
КР БШК мүчөлөрү аймактарда шайлоого даярдык көрүү маселелери боюнча жыйындарды өткөрүштү
07-Окт, 2026

КР БШК мүчөлөрү аймактарда шайлоого даярдык көрүү маселелери боюнча жыйындарды өткөрүштү

Үстүбүздөгү жылдын 6-7-октябрында Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары Русланбек Жакышов жана БШК мүчөсү Миргүл Темирбаева Баткен облусунун Лейлек, Баткен, Кадамжай райондорунда жана Ош облусунун Ноокат районунда жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилери, укук коргоо органдарынын өкүлдөрү жана шайлоо комиссияларынын мүчөлөрү менен жыйындарды өткөрүштү.Жыйындардын жүрүшүндө 2027-жылдын 27-январына дайындалган Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоого даярдык көрүүнүн алкагында шайлоочулардын өз шайлоо укуктарын ишке ашыруусу үчүн тиешелүү шарттарды түзүү, ошондой эле шайлоону өткөрүү мезгилинде мыйзамдуулукту камсыз кылуу, жарандардын шайлоо укуктарын жана эркиндиктерин сактоо боюнча маселелер талкууланды.БШК төрагасынын орун басары шайлоо мыйзамдарына киргизилген өзгөртүүлөр, шайлоо технологияларынын жаңыланышы, аралыктан добуш берүүнүн артыкчылыктары, автоматташтырылган маалыматтык тутумдар жана талапкерлерди колдоонун өзгөчөлүктөрү боюнча кеңири маалымат берди.Р. Жакышов шайлоону уюштуруу жана өткөрүүдө мамлекеттик бийлик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өкүлдөрүнүн ролуна токтолду.“Сиздердин милдетиңиздер – шайлоону уюштурууда анын калыс жана ачык өтүшү үчүн шарт түзүүгө көмөктөшүү. Ошол эле учурда процесске аралашпай, бардык процедуралардын мыйзамга ылайык өтүп жатканына көз салуу керек. Шайлоону даярдоодо жана өткөрүүдө тиешелүү ыйгарым укуктуу органдардын жана шайлоо комиссияларынын уюштуруу-техникалык маселелерди чечүү боюнча ишине жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары көмөк көрсөтүүсү зарыл”, – деп белгиледи Р. Жакышов.Мындан тышкары, укук коргоо органдарынын өкүлдөрүн мыйзам бузуулардын алдын алуу, кысым көрсөтүү же кийлигишүү аракеттерине өз убагында чара көрүү жана процесстин бардык катышуучулары үчүн коопсуз шарттарды түзүүгө чакырды.Жыйындарга облус жана шаар бийлигинин өкүлдөрү, акимдер, райондук уюмдар менен мекемелердин жетекчилери, айыл өкмөт башчылары, жергиликтүү кеңештердин төрагалары жана депутаттары, айыл башчылары, ошондой эле билим берүү мекемелеринин жетекчилери катышты. 
Кененирээк билүү >>
Шайлоо фонддору: Түзүү, чыгымдоо жана отчеттуулук тартиби
06-Окт, 2026

Шайлоо фонддору: Түзүү, чыгымдоо жана отчеттуулук тартиби

-
Кененирээк билүү >>
КР БШКнын кызматкерлери Жогорку Кеңештин медалы менен сыйланышты
05-Окт, 2026

КР БШКнын кызматкерлери Жогорку Кеңештин медалы менен сыйланышты

Бүгүн, 5-октябрда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Марлен Маматалиев кесиптик жетишкендиктери жана өлкөнүн өнүгүшүнө кошкон салымы үчүн ар түрдүү тармактардын өкүлдөрүнө Жогорку Кеңештин сыйлыктарын тапшырды.Сыйлык тапшыруу аземинин алкагында Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын аппаратынын жетекчиси жана укуктук камсыздоо бөлүмүнүн кызматкерлери  Жогорку Кеңештин "Мыйзам чыгаруу ишин өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн" медалы менен сыйланышты.Кесиптештерибизди татыктуу сыйлыктары менен куттуктап, Кыргыз Республикасынын өнүгүүсүнө багытталган мындан аркы иштеринде ийгиликтерди жана жаңы жетишкендиктерди каалайбыз.
Кененирээк билүү >>