Башкы Жаңылыктар БШК саясый партиялардын ыйгарым укуктуу өкүлдөрү үчүн тренинг …

БШК саясый партиялардын ыйгарым укуктуу өкүлдөрү үчүн тренинг өткөрдү

20-Авг, 2020

КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук шайлоо комиссиясы “Жарандык платформа” коомдук уюму менен биргеликте жана ПРООНдун колдоосу менен саясый партиялардын ыйгарым укуктуу өкүлдөрү үчүн, “Партиялардын шайлоо каражаттарынын сарпталышынын ачыктыгы жана отчеттуулугу. Манипуляция аракеттерине тыюу салуу” аталышындагы тренинг өткөрдү.

ПРООНдун шайлоону колдоо долбоорунун эксперти, КР БШК көзөмөлдөө-ревизиондук тобунун мүчөсү Раида Баширова саясый партиялардын шайлоо фонддорундагы каражаттарды сарптоонун ачыктыгын жана отчеттулугун сактоо боюнча айтып берди.  

Анын айтымында Кыргыз Республикасынын шайлоо мыйзамдары шайлоо кампаниясын каржылоонун ачык болуусун камсыздайт жана алар эл аралык талаптарга максималдуу туура келет.

“БШК өзүнүн сайтында “Талапкер” деген атайын платформаны түзгөн, ал жерден шайлоочулар саясый партиялардын шайлоо фонддоруна каражаттардын түшүүсү жана сарпталышы, алардын финансылык отчеттору тууралуу маалыматтарды туруктуу алып турушат. БШК сайтында шайлоо фонддорундагы каражаттардын кыймылы тууралуу жумалык маалыматтар: фонддун каражат түшкөн булактары боюнча – качан, ким, канча каражатты фондго кошту, чыгымдары боюнча, товарлар же кызмат көрсөтүүлөр боюнча кимге канча төлөнгөнү да жарыяланып турат”, - деди ал.

Шайлоо фондун түзгөн бардык каражаттар банк мекемесиндеги атайын эсептерге түшүүсү зарыл. Боршайком тарабынан саясый партиялардын шайлоо фонддорунун атайын эсептерин ачуу үчүн ААК “РСК Банк”, ААК “Айыл Банк” банктары тандалган.

Бишкек аймактык шайлоо комиссиясынын төрагасы Кайрат Маматов шайлоо дарегин өзгөртүү, шайлоо даректерин өзгөртүү боюнча манипуляцияларды жасоонун жоопкерчилиги, натыйжалары тууралуу айтып берди.

Биометрикалык каттоого байланыштуу шайлоолордун максималдуу ишенимдүү болуп жаткандыгы да тренингде айтылды. Шайлоочулардын тизмеси ай сайын “Тизме” (https://tizme.gov.kg/) порталында актуалдаштырылып турат. 26-июлдан 19-сентябрга чейин жарандар өздөрүн шайлоочулардын тизмесинен текшере алышат. Жарандарга ыңгайлуу болушу үчүн, БШК тизмелерди тактоолорду 20 күнгө узартты.

Ар бир жаран өзүн https://tizme.gov.kg/ порталы аркылуу да, 119 кыска номуруна өзүнүн персоналдуу идентификациялык (ПИН) номерин көрсөтүп, SMS жиберүү менен да текшере алат. Абонент жооп катары өзүнүн шайлоо участогунун номерин алат.

Чет мамлекеттерде жүргөн же жашашкан жарандар үчүн, шайлоо укугу консулдук каттоодон да жогору коюлган, анткени шайлоочу шайлоодо добуш берүү ниетин чет өлкөдө жашаган шайлоо дареги боюнча же жүргөн жеринде арыз берүү (2 формасы боюнча)  менен билдире алат. Ошол эле учурда чет өлкөдөгү мекеме шайлоочуну убактылуу консулдук каттоого алып, бирок консулдук жыйымды албайт.

Мындай иш-чаралардын бардыгы 2020-жылдын 4-октябрына дайындалган КР Жогорку Кеңешине депутаттарды шайлоонун ачыктыгын камсыдоого багытталган.

КР БШК Маалыматтык бөлүмү

Башка жаңылыктар

Бардык жаңылыктар
КР БШКсы Президенттик шайлоо алдындагы үгүткө катышуу үчүн 81 ЖМКны аккредитациядан өткөрдү
16-Окт, 2026

КР БШКсы Президенттик шайлоо алдындагы үгүткө катышуу үчүн 81 ЖМКны аккредитациядан өткөрдү

Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясы бүгүн, 16-октябрындагы жыйынында 2027-жылдын 27-январына дайындалган Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоо алдындагы үгүткө катышуу үчүн жалпыга маалымдоо каражаттарын (ЖМК) жана интернет-басылмаларын аккредитациялоо маселесин карады.Шайлоочуларды жана шайлоо процессинин башка субъекттерин маалымдоо маселелери жана үгүт жүргүзүү эрежелери боюнча жумушчу топтун сунушун эске алып, КР БШКсы жалпысынан 81 ЖМКны аккредитациялады.Алардын ичинде:-        басылмалар – 19;-        телерадиоуюмдар – 22; -        радиолор – 13;-        интернет-басылмалар – 27. КР БШКнын расмий сайтындагы “Шайлоолордо ЖМКларды аккредитациялоо” бөлүмүндө ЖМКнын эфир убактысын, басылма аянтын жана интернет-басылмаларда жарыялоо укугун бергендиги үчүн акы төлөөнүн өлчөмү жана башка шарттары боюнча маалыматтар жайгаштырылат.Аккредитациядан өткөн ЖМК жана интернет-басылмалар талапкерлердин үгүт иштерин өлкөнүн мыйзамдарынын алкагында так жана калыс жүргүзүүгө милдеттүү.Президенттик шайлоо алдындагы үгүткө катышуу үчүн жалпыга маалымдоо каражаттарын жана интернет-басылмаларын аккредитациялоо “Шайлоолордо ЖМКларды аккредитациялоо” автоматташтырылган маалыматтык тутуму аркылуу жүргүзүлдү.
Кененирээк билүү >>
КР БШКсы КР Президентинин кызмат ордуна талапкердин ыйгарым укуктуу өкүлүн каттады
16-Окт, 2026

КР БШКсы КР Президентинин кызмат ордуна талапкердин ыйгарым укуктуу өкүлүн каттады

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы бүгүн, 16-октябрдагы жыйынында Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер Касенов Аймен Абдыталиповичтин ыйгарым укуктуу өкүлүн каттоо жөнүндө токтом кабыл алды. Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер А. А. Касеновдун шайлоого катышуу менен байланышкан маселелер боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү болуп Мазыкин Виталий Валерьевич катталды.Белгилей кетсек, талапкердин ыйгарым укуктуу өкүлүнө белгиленген үлгүдөгү каттоо күбөлүгү берилет.
Кененирээк билүү >>
КР БШКсы жергиликтүү кеңештердин бир катар депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту
16-Окт, 2026

КР БШКсы жергиликтүү кеңештердин бир катар депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы бүгүн, 16-октябрда өз жыйынында Токтогул, Түп, Сүлүктү, Нарын, Ак-Талаа жана Өзгөн аймактык шайлоо комиссияларынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу, катталган талапкерлерди депутаттыкка талапкерлердин тизмесинен чыгаруу жана бош калган мандаттарды кийинки талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндө чечимдерин бекитти.- Токтогул районунун Э. Иманалиев айылдык кеңешинин депутаты Бекишов Абдыбек Дүйшебековичтин ыйгарым укуктары берген арызынын негизинде мөөнөтүнөн мурда токтотулуп, бош калган мандат шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкер Тейтиев Улан Керимбаевичке өткөрүлүп берилди;   - Түп районунун Карасаев айылдык кеңешинин депутаты Кожомкулова Зыягүл Үсөнбековнанын ыйгарым укуктары Карасаев айылдык кеңешинин 2026-жылдын 9-октябрындагы сунуштамасынын негизинде мөөнөтүнөн мурда токтотулуп, бош калган мандат шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкер Шаршеев Руслан Исаевичке өткөрүлүп берилди;   - Сүлүктү шаардык кеңешинин депутаты Исаков Бекзат Каюмовичтин (“Жаңы Кыргызстан” депутаттык фракциясынан) ыйгарым укуктары Сүлүктү шаардык кеңешинин 2026-жылдын 28-сентябрындагы сунуштамасынын негизинде мөөнөтүнөн мурда токтотулуп, бош калган мандат шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкер Дүйшөбай уулу Абдумуталипке (“Жаңы Кыргызстан” саясий партиясынан) өткөрүлүп берилди;   - Нарын районунун Чет-Нура айылдык кеңешинин депутаты Оролов Бек Магдыбековичтин ыйгарым укуктары берген арызынын негизинде мөөнөтүнөн мурда токтотулуп, бош калган мандат шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкер Тилекмат уулу Байжигитке өткөрүлүп берилди;- Ак-Талаа районунун Ала-Буга айылдык кеңешинин депутаты Самибаева Гульбарчын Баатырбековнанын ыйгарым укуктары берген арызынын негизинде мөөнөтүнөн мурда токтотулуп, бош калган мандат шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкер Абдраим уулу Канатбекке өткөрүлүп берилди.
Кененирээк билүү >>
КР БШКсы шайлоодо биринчи жолу Коомдук байкоо борборун уюштурат
16-Окт, 2026

КР БШКсы шайлоодо биринчи жолу Коомдук байкоо борборун уюштурат

Бүгүн, 16-октябрда, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы Коомдук байкоо борборунун ишмердигин уюштуруу тартибин бекитти.Борбордун негизги максаты - Кыргыз Республикасында өтүүчү шайлоолордо жана референдумдарда добуш берүү күнү шайлоо участокторунан видеокөрсөтүүлөрдү реалдуу режимде көрүү үчүн шарттарды түзүү.Борбор шайлоо процессинин ачыктыгын камсыз кылуу жана шайлоо участокторунан видеокөрсөтүүлөрдү көрүү мүмкүнчүлүгүн камсыздоо максатында Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан добуш берүү күнү уюштурулат.Белгиленген талаптарды сактоо менен Борборго жарандар, жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү, эл аралык жана башка байкоочулар, ошондой эле башка кызыкдар адамдар эркин кире алышат.Борбордун иш тартибинде келүүчүлөрдү каттоо, убактылуу бейдждерди берүү жана шайлоо участокторунан видеокөрсөтүүлөрдү көрүү эрежелери каралган.Борборго келгендерге үгүт жүргүзүүгө, жабдуулардын ишине кийлигишүүгө жана коомдук тартипти бузууга тыюу салынат. Ошондой эле видеокөрсөтүүлөрдү үгүт максатында пайдаланууга жана шайлоочунун эркин билдирүүсүнүн мазмунун аныктоого багытталган аракеттерге жол берилбейт.
Кененирээк билүү >>