Башкы Жаңылыктар Саясый партиялардын Жогорку Кеңештин депутаттагына талапкерлердин тизмесин көрсөтүүсү …

Саясый партиялардын Жогорку Кеңештин депутаттагына талапкерлердин тизмесин көрсөтүүсү аяктап жатат

19-Авг, 2020

Борбордук шайлоо комиссиясы 19-августта саясый партиялардын КР Жогорку Кеңешине депутаттарды шайлоого талапкерлердин тизмесин көрсөтүүлөрү аяктап жаткандыгын билдирет.

2020-жылдын 4-октябрына дайындалган КР Жогорку Кеңешине депутаттарды шайлоого катышууну каалаган 44 саясый партиялардын билдирүүлөрү келип түшкөн.

19-августка карата Жогорку Кеңешке депутаттарды  шайлоого катышпай тургандыгын жана өздөрүнүн ыйгарым укуктуу өкүлдөрүн чакыртып ала тургандыктары боюнча БШКга 10 саясый партия билдиришти:

1. «Кыргыз Республикасынын агрардык партиясы”,

2. «Демократ»,

3. «Кыргызстан  коммунисттер партиясы”,

4. “Эмгек” (Партия труда),

5. “Бирик” (“Мекеним Кыргызстан” саясый партиясы менен бириккендигине байланыштуу),

6. “Таза коом” (“Кыргызстан” саясый партиясы менен бириккендигине байланыштуу),

7. “Кыргызстандын элдик-демократиялык  партиясы”,

8. “Ар-Намыс”,

9. “Бийлик элге” (“Власть народу”),

10. Кыргызстан элинин биримдиги (“Ыйман нуру” саясый партиясы менен бириккендигине байланыштуу).

Кыргыз Республикасынын шайлоо мыйзамдарына ылайык, “Жаратман эл” саясый партиясынын көрсөтүлгөн убакытта шайлоо фондунун эсеби ачылган эмес. (бул жагдай саясый партиянын талапкерлеринин тизмесин каттоодон баш тартууга негиз берет).

11-августтан 18-августка чейин КР Жогорку Кенешине депутаттарды шайлоого талапкерлердин тизмесин көрсөтүү боюнча “Мекенчил”, “Ата  Мекен”, Кыргызстандын Жашылдар партиясы, “Бир бол” мамлекеттик биримдиктин жана патриотизмдин партиясы, “Чоң Казат”, “Адам-Демократ”, “Актив”, “Ордо” саысяый  партияларынын сьезддери болуп өттү.

19-августта (партиялардын билдирүүлөрүнө караганда) 11 партиянын сьезддери өтүп жатат:

1.         Мекеним Кыргызстан

2.         Республика

3.         «Биримдик» демократиялык партиясы («Единство»)

4.         «Ыйман нуру»

5.         «Нур» либералдык-демократиялык партиясы

6.         Мекен ынтымагы

7.         «Кыргызстан»

8.         «Социал- демократтар»

9.         «Бүтүн Кыргызстан»

10.       «Замандаш»

11.       «Реформа»

КР БШКсы саясый партиялардын талапкерлердин тизмесин көрсөтүү үчүн сьезддерди өткөрүү учурунда санитардык-эпидемиологиялык талаптарды сактоосу үчүн сунуштарды иштеп чыккан. Жарандардын ден соолугун коргоо максатында саясый партиялар сьезддерди офлайн өткөргөн учурда саясый партиялардын биринчи/аймактык делегаттарынын санын азайтуу мүмкүндүгүн карап көрүү (эгер ушундай мүмкүндүк партиянын уставында каралган болсо), сьезддерди имараттан (ачык асман алдында) тышкары өткөрүүнү, ошондой эле республикалык штабдын бет кап тагынуу, имараттарды дезинфекциялоо, социалдык аралыкты сактоо жана колдорду санитайзер менен тазалоо сунуштарын кармануусунушталган.

24-августта саат 18:00гө чейин саясый партиялардын ыйгарым укуктуу өкүлдөрү БШКга талапкерлердин тизмесин каттоо үчүн алып келүүлөрү зарыл.

1)         саясый партиянын жетекчисинин колтамгасы, мөөрү коюлуп, талапкерлердин тизмесин көрсөткөндүгү боюнча саясый партиянын чечими;

2)     тизмеге кирген талапкердин биографиялык жана башка маалыматын көрсөтүп өз колу менен толтурулган атайын формасы, паспортунун көчүрмөсү, иштеген же окуган жеринен маалымдама, башка мамлекеттин жарандыгына ээ эместиги боюнча маалымат, персоналдуу маалыматтарды иштеп чыгууга кат түрүндөгү макулдугу;

Талапкерлердин тизмеси жана талапкер жөнүндөгү маалыматтар БШК бекиткен форма боюнча кагаз түрүндө да, электрондук вариантта берилиши керек 

3)   шайлоо күрөөсүн кошкондугун күбөлөгөн документ.

Он күндүн аралыгында берилген маалыматтарды текшерүү жүргүзүлүп, 4-сентябрга чейин ЖК депутаттыгына талапкерлердин тизмесин каттоо өткөрүлөт.

КР БШК Маалыматтык бөлүмү

 

Башка жаңылыктар

Баардык жаңылыктар
КР БШК төрагасы Тынчтык Шайназаров КР ТИМинин өкүлдөрү менен Кыргызстандын чет өлкөлөрдөгү жарандарынын добуш берүүсүн уюштуруу маселелерин талкуулады
09-Окт, 2026

КР БШК төрагасы Тынчтык Шайназаров КР ТИМинин өкүлдөрү менен Кыргызстандын чет өлкөлөрдөгү жарандарынын добуш берүүсүн уюштуруу маселелерин талкуулады

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасы Тынчтык Шайназаров бүгүн, 9-октябрда Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министринин орун басары Сейтек Жумакадыр уулу менен жолугушту.Жолугушууга ошондой эле КР БШК төрагасынын орун басары Лейла Лурова, КР ТИМинин Консулдук департаментинин кызматкерлери жана БШК аппаратынын кызматкерлери катышты.2027-жылдын 27-январына дайындалган Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоого даярдыктын алкагында чет өлкөлөрдө жүргөн Кыргыз Республикасынын жарандарынын шайлоо укуктарын камсыз кылуу маселелери талкууланды.Өзгөчө көңүл КР БШК менен КР ТИМинин чет өлкөлөрдөгү шайлоо участокторун түзүү жана аларды оптималдаштыруу, добуш берүүнү уюштуруу жана шайлоо участокторун техникалык жактан жабдуу, ошондой эле чет өлкөлөрдө жүргөн Кыргызстандын жарандарын алдыдагы шайлоого катышуу тартиби жөнүндө маалымдоо маселелери боюнча өз ара аракеттенүүсүнө бурулду.
Кененирээк билүү >>
Бишкек шаарындагы жана аймактардагы айрым шайлоо участокторунун схемаларына жана чек араларына өзгөртүү киргизилди
09-Окт, 2026

Бишкек шаарындагы жана аймактардагы айрым шайлоо участокторунун схемаларына жана чек араларына өзгөртүү киргизилди

Бүгүн, 9-октябрда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын жыйынында КР БШКнын 2025-жылдын 3-июлундагы № 33 “Кыргыз Республикасынын Баткен, Ош, Жалал-Абад, Талас, Чүй, Нарын жана Ысык-Көл облустарынын айрым жергиликтүү кеңештеринин аймактарындагы шайлоо участкаларынын схемаларын жана чек араларын бекитүү жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөр киргизилди.Мындан тышкары, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2025-жылдын 1-августундагы № 54 “Кыргыз Республикасынын Бишкек шаарынын аймагындагы шайлоо участкаларынын схемаларын жана чек араларын бекитүү жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөр киргизилди. Жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдарынын сунушуна ылайык, аталган токтом долбоорлорун кабыл алуунун негизги зарылчылыгы - көчө аталыштарынын өзгөрүшү, ошондой эле даректерди өзгөртүү аркылуу шайлоочулардын добуш берүүсү үчүн заманбап жана ыңгайлуу шарттарды түзүү болуп саналат.
Кененирээк билүү >>
Майыптыгы бар шайлоочулардын муктаждыктар картасы боюнча жобо бекитилди
09-Окт, 2026

Майыптыгы бар шайлоочулардын муктаждыктар картасы боюнча жобо бекитилди

Бүгүн, 9-октябрда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум боюнча борбордук комиссиясы өз жыйынында “Майыптыгы бар шайлоочулардын муктаждыктар картасы” автоматташтырылган маалыматтык тутуму жөнүндө жобону бекитти. Жобо аталган тутумдун укуктук статусун, иштөө тартибин, ошондой эле анын катышуучуларынын укуктарын, милдеттерин жана жоопкерчилигин аныктайт.Жаңы тутумдун алкагында майыптыгы бар шайлоочулардын муктаждыктарын бирдиктүү эсепке алуу жана дайындарды борборлоштурулган базага топтоо автоматташтырылат. “Түндүк” системасы аркылуу Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги менен ведомстволор аралык электрондук өз ара аракеттенүү камсыздалат. Ошондой эле шайлоо участокторунда жеткиликтүү инфратүзүмдүн абалын – пандустарды, Брайль ариби менен даярдалган материалдарды жана башка шарттарды - мониторинг жүргүзүү жана пландаштыруу мүмкүнчүлүгү кеңейтилет. Дайындарды иштетүү Кыргыз Республикасынын Санарип кодексинин талаптарына ылайык, жеке дайындардын купуялуулугун жана тутумдун санариптик туруктуулугун камсыз кылуу менен жүргүзүлөт.
Кененирээк билүү >>
КР БШКсы жергиликтүү кеңештердин бир катар депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту
09-Окт, 2026

КР БШКсы жергиликтүү кеңештердин бир катар депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы бүгүн, 9-октябрда өз жыйынында Жайыл, Сокулук, Өзгөн, Ноокат, Сузак, Чаткал жана Айтматов аймактык шайлоо комиссияларынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу, катталган талапкерлерди депутаттыкка талапкерлердин тизмесинен чыгаруу жана бош калган мандаттарды кийинки талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндө чечимдерин бекитти.   Жайыл районунун Ак-Башат айылдык кеңешинин депутаты Таштанбеков Кайрат Таштанбековичтин ыйгарым укуктары берген арызынын негизинде мөөнөтүнөн мурда токтотулуп, бош калган мандат шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкер Кадыркулов Данияр Асылбековичке өткөрүлүп берилди; *  Сокулук районунун Гавриловка айылдык кеңешинин депутаты Кубанычбекова Гүлүкан Кубанычбековнанын ыйгарым укуктары берген арызынын негизинде мөөнөтүнөн мурда токтотулуп, бош калган мандат шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкер Мырсаканова Астра Шадыбековнага өткөрүлүп берилди;   •  Сокулук районунун Гавриловка айылдык кеңешинин депутаты Артыкбек уулу Нуртилектин ыйгарым укуктары берген арызынын негизинде мөөнөтүнөн мурда токтотулуп, бош калган мандат шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкер Абдыкулов Таалайбек Асаналиевичке өткөрүлүп берилди; * Өзгөн шаардык кеңешинин депутаты Ураимова Махаёохон Махамаджановнанын (“Жаңы Кыргызстан” депутаттык фракциясынан) ыйгарым укуктары берген арызынын негизинде мөөнөтүнөн мурда токтотулуп, бош калган мандат шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкер Усманова Екутхан Халдаралиевнага (“Жаңы Кыргызстан” саясий партиясынан)  өткөрүлүп берилди;* Өзгөн районунун Жалпак-Таш айылдык кеңешинин депутаты Калдыбаев Адилбек Арзыматовичтин ыйгарым укуктары берген арызынын негизинде мөөнөтүнөн мурда токтотулду;* Ноокат районунун Зулпуев айылдык кеңешинин депутаты Абдикеримов Үсөн Аскарбековичтин ыйгарым укуктары берген арызынын негизинде мөөнөтүнөн мурда токтотулду; * Сузак районунун Көк-Арт айылдык кеңешинин депутаты Малашев Кубанычбек Сатыбалдиевичтин ыйгарым укуктары берген арызынын негизинде мөөнөтүнөн мурда токтотулуп, бош калган мандат шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкер Орунбекова Айымкан Кадыралиевнага  өткөрүлүп берилди;   * Чаткал районунун Терек-Сай айылдык кеңешинин депутаты Куниева Динара Анарбаевнанын ыйгарым укуктары берген арызынын негизинде мөөнөтүнөн мурда токтотулуп, бош калган мандат шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкер Курмантаев Нурдин Туралиевичке өткөрүлүп берилди;   * Айтматов районунун Чолпонбай айылдык кеңешинин депутаты Суюнтбеков Фархад Маратовичтин ыйгарым укуктары каза болгондугуна байланыштуу мөөнөтүнөн мурда токтотулуп, бош калган мандат шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкер Чормонов Эрдос Төлөгөновичке өткөрүлүп берилди.
Кененирээк билүү >>