"Кыргызстандын агрардык партиясы" саясий партиясы ЖК депутаттарын шайлоого катышпай тургандыгын КР БШКсына билдирди
17 августа 2020
"Кыргызстандын агрардык партиясы" саясий партиясы 2020-жылдын 4-октябрына дайындалган Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине депутаттарды шайлоого катышпай тургандыгын жана өзүнүн ыйгарым укуктуу өкүлдөрүн чакыртып ала тургандыгы жөнүндө КР БШКсына билдирди.
КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 17-августтагы жыйынында партиянын билдирүүсүн карап, аны эске ала турган чечим чыгарды.
Аталган партиянын ыйгарым укуктуу өкүлдөрүн каттоо жокко чыгарылып, алардын катталган күбөлүктөрү жараксыз деп табылды.
