«Мир – свет культуры» коммерциялык эмес уюму жана  «Эгль» коомдук фонду КР ЖК депутаттарын шайлоодо байкоочу болушат

17 августа 2020

«Мир – свет культуры» коомдук бирикмеси жана “Эгль” коомдук фонду 2020-жылдын 4-октябрына дайындалган КР ЖК депутаттарын шайлоодо байкоочу боло турган ниеттери тууралу КР БШКсына билдиришти.

КР Боршайкомунун 17-августтагы жыйынында коомдук уюмдардын билдирүүлөрү эске алынып, бул тууралуу БШК чечими тиешелүү аймактык шайлоо участокторуна жиберилип, алардын байкоочуларын каттоого алып тиешелүү үлгүдөгү кубөлүктөрдү берүү тапшырмасы берилет.

«Эгль» коомдук фондусунан байкоочу катары Адилов А.М катталды.

Эске салсак, 30-июлда КР БШКсы өз жыйынында Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоого байкоочу катары “Жалпы  иш”коомдук фондунун жана “Таза шайлоо ассоциациясы” юридикалык жактарынан коомдук байкоочуларды каттоо чечимин кабыл алган. КР БШКсы 12-августтагы жыйынында “Ден соолугу боюнча чектелген адамдарга колдоо көрсөтүү боюнча “Билоу”, “Майыптыгы бар адамдарды коргоо боюнча комитет” коомдук фонддорунан коомдук байкоочуларды каттоо боюнча чечим кабыл алган.